Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:16

Түркмөн оппозициясы бириккендигин жарыялады


Түркмөн оппозиционерлери биригишкендигин Чехиянын борборунда өткөн конференциясынан кийин жарыялашты. Прагадагы конференцияга «Ватан» кыймылынын лидери Александр Додонов, Бириккен демократиялык оппозициянын төрагасы Абды Кулиев жана Түркмөнстандын Республикалык партиясынын лидери Нурмухамед Ханамов катышты. Алардын Прагада өткөргөн маалымат жыйынындагы билдирүүсүнө караганда, оппозициялык күчтөр Бириккен демократиялык күчтөр партиясын түзүшмөкчү. Партиянын максаты Түркмөнстанды Ниязовдун режиминен бошотуу жана парламенттик системага таянган демократиялык өкмөттү түзүү. Абды Кулиевдин айтымында:

- Биз күрөшүбүздүн азыркы бөлүгүндө үч принципти: демократия, адам укугу жана маалымат эркиндигин алдыга коюну макулдаштык.

Оппозиционерлер ошондой эле, түркмөн өкмөтүнө саясий жана экономикалык санкцияларды киргизүүгө жана өлкө абактарындагы абалды текшерүүгө көмөк көрсөтүүгө эл аралык коомчулукту чакырышты

XS
SM
MD
LG