Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Ооганстанда талаа командирлери согушууда


Ооганстандын түндүгүндөгү Балх вилайетинде талаа командирлери тажик Атта Мухаммед менен өзбек генерал Абдул Рашид Достумдун аскерлери кагылышууда. Ооган өкмөтүнүн маалыматы боюнча, андан беш адам набыт, экөөсү жарадар болду. Эки командир тең Хамид Карзай жетектеген өкмөткө мүчө. Борбордук бийлик кагылышууну тезинен токтотууну талап кылууда. Пактика вилайетинде болсо кечээ күнү АКШлык аскерлер ракета менен аткыланды, бирок андан эч ким жабыркаган эмес.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Айданбек Акмат уулу, Прага

XS
SM
MD
LG