Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Дипломаттар оппозиция лидери менен жолугуша алган жок


АКШнын мамлекеттик департаментинин маалымдоосуна караганда, Мьянманын аскерий бийлиги дипломаттардын оппозиция лидери Аунг Сан Су Чи менен жолугушуусуна мүмкүнчүлүк берген жок. Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучердин айтымында, катарына АКШнын элчилигинин өкүлдөрү кирген дипломаттар тобу Су Чи менен жолугушуу максатында, анын үйүнө жакындаганда токтотулган. Нобель сыйлыгынын ээси Су Чи май айында камакка алынып, бирок ден соолугунун начарлашына байланыштуу үй камагына салынган. АКШ Мьянма бийлигинен оппозиция лидери баш болгон бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG