Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Иракта бир америкалык аскер набыт болуп, бир нечеси жаракат алды


Ирактын борборунан 70 чакырым батышта жайгашкан Хабания шаарынын жолунда америкалык аскерлер бараткан кезде мина жарылып, андан бир жоокер набыт болуп, бир нечеси жарадар болду. Багдаддан 80 чакырым алыстыктагы Халдея шаарында да кечээ күнү америкалык аскерлер куралдуу ирактыктар менен кагылышты. Андан эки жоокер, бир ирактык атуул жарадар болду. Кечээ күнү Халдеяга жакын Фаллужа шаарындагы чабуулдан алты америкалык аскер жаракат алган. Ирактын конституциясын жазуучулардын тобунун мүчөсү Жалалиддин ас-Сагердин өмүрүнө кечээ күнү кол салуу болуп, андан ал өзү жабыркабаган менен, жан сакчысы набыт болду. Ал эми Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери дүйшөмбүдөгү жыйынында Иракка тезирээк эгемендүүлүк берүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG