Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

АКШ: ТЫҢЧЫНЫН АТЫНЫН АЧЫКТАЛЫШЫ ЖАҢЫ ЖАҢЖАЛГА КЕПТЕДИ


Ирак согушуна байланыштуу АКШ президенти Жорж Буштун дарегине айтылып жаткан ансыз да арбын сын пикирлерге дагы бир чуулгандуу окуя кошулду. Атап айтканда, Ак Үйдүн жогорку даражалуу бир өкүлүнө согуштун оппоненттерин тизгиндөө максатында кызматтык жашыруун сырды ачыкка чыгарып салды деген кине тагылууда. Байкоочулар бул жаңжалдын арты Буш үчүн олуттуу болушу мүмкүн дешүүдө.

Бул окуя мындан бир нече ай мурун башталган болчу. Июл айында АКШнын Габондогу мурдагы элчиси Жозеф Уилсон “Ирак Африкадан уран сатып алууга аракеттенди” деген Буштун январь айында айтылган сөзүн чындыкка коошпогон кеп катары сыпаттаган. “Нью-Йорк таймста” жарыяланган макаласында элчи ушундай маалымат кайдан пайда болду экен деген оюн билдирген эле. Уилсон Борбордук чалгындоо кызматынын (БУК) атынан Нигерияда иликтөө жүргүзүп, президенттин билдирүүсү чындыкка дал келбей турганын далилдеген. Ак Үй өзүнүн сөзүн артка алып, бул жерде бир жаңылыштык болгонун кийинчирээк мойнуна алганы менен, андан көп узабай эле элчи Уилсондун жубайы Борбордук чалгындоо кызматынын жашыруун тыңчысы деген маалымат ачыкка чыгып кеткен.

Эми бир нече ай өткөндөн кийин бул жаңжал күч ала баштады. Анын арты Буш үчүн олуттуу болушу мүмкүн дешет айрым байкоочулар. Дүйшөмбүдө Ак Үйдүн басма сөз өкүлү Скотт Макклелланга салттуу брифингде журналисттердин чабуулуна туруштук берүүгө туура келди. Ал Буштун саясий кеңешчиси Карл Роувдун бул окуяга байланышы бар деген сөздөрдү төгүнгө чыгарды.

- Мен ачык эле айтпадымбы, ушундай бир окуя орун алган болсо, президент аны юстиция министрлиги ар тараптан иликтеши керектигине ишенет. Ушул өңдүү маалыматты ачыкка чыгаруу өтө олуттуу болуп саналат”, - деди Макклеллан.

Жекшембиде “Вашингтон Пост” гезити президент администрациясынын расмий өкүлдөрүнө шилтеме берип, агенттин ысымынын ачыкка чыгарылышы Уилсондон өч алуу максаты менен жасалганын белгилейт.

Бул жаңжалдуу окуя оппозициядагы демократтардын чырагына май тамызды. Алар эми массалык кыргын салуучу курал боюнча адис, бир эле мезгилде Борбордук Чалгындоо кызматынын агенти болгон Уилсон айымдын өмүрүнө гана эмес, анын булактары болгон башка кишилерге да коркунуч келтирилиши мүмкүн деген пикирин айтышууда. Президенттикке талапкер Ховард Диин жана НАТОнун мурдакы командачысы Уэсли Кларк баш болгон демократтар өлкөнүн башкы прокурору Жон Эшкрофт бул жаңжалды териштирүүдө адилет боло алабы деген күнөм саноосун билдирип, көз карандысыз тергөөнүн керектиги жөнүндө сөз кылып жатышат.
Демократ сенатор Чарлз Шумер кабарчыларга мындай оюн билдирди:

- Тергөөнүн башына кебелбес, майтарылбас бирөө коюлса, ошондо гана коомчулук иликтөөнүн адилеттүүлүгүнө ишенет.

Иракта массалык куралдын табылбай жаткандыгына, согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү иштерине, дегеле согуштун өзүн ачуунун зарылдыгы бар беле деген суроого байланыштуу көптөгөн айыптоолорду башынан кечирп жаткан Буш администрациясы үчүн бул кошумча түйшүк болуп калды өңдөнөт. Басма сөз катчысы Макклеллан мындай деп кесе айтты:

- Биздин гезиттерден окуган кабарлардан тышкары маалыматыбыз жок.

Ал ички формалдуу эмес териштирүүнүн муктаждыгы жок деп эсептей турганын белгиледи.

Ал эми Юстиция министрлиги толук иликтөө жүргүзүлүшүнүн керектиги жөнүндө ойлонуштуруп жаткандыгы маалым болду. Тергөө агенттин ысымынын жарыяланышы улуттук коопсуздукка шек келтирдиби, ал - мыйзам бузуу болуп саналабы деген суроого жооп алуу максатында жүргүзүлмөкчү. Ошол эле мезгилде Макклеллан министрлик арадан 10 аптадай убакыт өтсө да, Ак Үйдөн эч кандай маалымат сурай электигин айтты.

Америкалык мыйзамдар боюнча башкы прокурор Жон Эшкрофттун окуяны иликтөө үчүн атайын кеңеш түзүү укугу бар. Бирок адегенде ошондой кеңештин зарылдыгы барбы же тергөөнү Юстиция министрлиги өзү жүргүзөбү деген маселени чечиш үчүн башка бир алдын ала териштирүү өткөрүлүшүүгө тийиш. Айтор, жаңжал эмне менен бүтөөрү белгисиз. Бирок азыртадан эле бул чуулгандуу окуя дагы көпкө созулат деп айтсак жаңылышпайбыз.

XS
SM
MD
LG