Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:43

Кытай Кыргызстандын Чек ара кызматына 50 автомашина бермек болду


БИШКЕК. Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министрлиги Кыргызстандын Чек ара кызматына 4 млн. 62 миң юандык каражатка 50 автомашина тартуу кылат. Аны күбөлөндүргөн документке кечээ Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Эрлан Абдылдаев менен Кытайдын коомдук коопсуздук министринин орун басары Ян Хуаньнин кол коюшту. Бул тууралуу кечээ Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG