Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Бейөкмөт уюмдар коалициясы Башкы прокуратурага кат жолдоду


БИШКЕК. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясы бүгүн Кыргызстандын Башкы прокуратурасына кат менен кайрылды. Катта Коалиция анын жергиликтүү бөлүмдөрүн Юстиция министрлигинин облустардагы башкармалыктары текшерип жатканы канчалык мыйзамдуу экенин аныктоону өтүндү. Юстиция министрлигинин жергиликтүү башкармалыктарынын өкүлдөрү 26-сентябрдан бери коалициянын мүчөлөрүн текшерүүгө алып, алардын коалицияга качан жана кандай максат менен киргенин сурамжылап жатышат. Коалициянын жетекчилиги Башкы прокуратурага жөнөткөн катында министрликтин бул аракетин коалиция мүчөлөрүнүн укугун бузуу катары баалады. Ал эми Юстиция министрлигинин каттоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Искаков текшерүү коалицияны кайра каттоо максатында өткөрүлүп жатканын айткан эле.

XS
SM
MD
LG