Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:41

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН САКТАЛЫШЫНА ФРАНЦИЯ МЕНЕН БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН ТААСИРИ ТИЙЕБИ?


Адам укуктарын коргоо боюнча «Хюман Райтс Уотч» эл аралык уюму президент Аскар Акаев Францияга кетээрде бул мамлекеттин башчысы Жак Ширакка кат жолдоду. Эл аралык уюм өз катында Франциянын президентин Аскар Акаев менен жолугушууда Кыргызстандагы адам укуктары боюнча маселелерди көтөрүүгө чакырды. Ошол эле маалда, Кыргызстандын укук коргоочулары да Франциянын президентине жана БУУнун баш катчысына кат даярдашууда.

Франциянын президенти Жак Ширакка жолдогон катында «Хюман Райтс Уотч» эл аралык уюму Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына тынчсызданганын билдирди. Уюмдун пикиринде, Франциянын колунда кыргыз бийлигин “кынына киргизе турган” саясий мүмкүнчүлүктөр бар. 2002-жылы «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» деген ураан ташталганына карабастан, Кыргызстандын жетекчилиги иш жүзүндө мурдагыдай эле саясий атаандаштарын, эркин журналисттерди жана укук коргоочуларды куугунтуктап жатканы да катта белгиленген. Азыркы бийликтин режимине каршы баш көтөргөн көрүнүктүү саясий лидерлер түрмөгө салынып, президенттик жана парламенттик шайлоодон четтетилгени да уюмдун жазган катында баса көрсөтүлөт. Катта, ошондой эле, 2002-жылдын март айында Аксыда беш адамдын каза табышы Кыргызстандагы адам укуктарын бузуунун эң одоно көрүнүшү катары бааланган.

«Хюман Райтс Уотч» Франциянын президенти Жак Ширакка Кыргызстандын мамлекет башчысы менен жолуккан учурда конкреттүү суроолорду коюп, анын ичинде азыр камакта жаткан Феликс Куловду боштондукка чыгаруу боюнча маселе көтөрүүнү да сунуш кылган. «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиевдин айтымында, Феликс Куловдун мындан аркы тагдыры Кыргызстандын гана эмес, эл аралык уюмдардын да тынчын алган маселеге айланды:

- «Хюман Райтс Уотчтун» президент Аскар Акаевге жана Кыргызстандын жетекчилигине кайрылбай, эл аралык коомчулукка жана чет мамлекеттердин башчыларына кайрылып жатканынын себеби – алар деле Кыргызстанда эч нерсе чечилбесин, мыйзамдар иштебей турганын жана соттор көз каранды экенин билип жатышат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 58-сессиясына катышуу максатында президент Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын делегациясы 1-октябрда Нью-Йоркто болот. Кыргызстандын бир катар укук коргоочулары «Хьюман Райтс Уотчтун» жолун өрнөк кылып, БУУнун баш катчысы Кофи Аннанга жана Франциянын президенти Жак Ширакка кат жазууга камынып атышат.

- Биз, Кыргызстандагы укук коргоочулар жана саясатчылар, Аксы окуясын акыйкат изилдеп чыгуучу эл аралык инспекторлорду чакырууга жетишибиз керек. Анткени, күнөөкөрлөрдү жазалоо жагынан мамлекеттин ичинде эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ошондуктан Бириккен Улуттар Уюмунун механизмдери жана инструменттери аркылуу эл аралык көз карандысыз инспекторлорду чакырып, ишти мыйзамдуу чечиш керек, - деди каттын долбоорун даярдап жаткандардын бири, «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова.

Бийлик өкүлдөрү болсо Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышына мамлекет олуттуу көңүл бура баштаганын айтып келатышат. Аксы окуясынан бийлик органдары тийиштүү жыйынтык чыгарганы да белгиленип жүрөт. Ички иштер министри Бакирдин Субанбеков «Кыргызстан - адам укуктарын урматтаган өлкө» деген улуттук идея кантип ишке ашып жатканы жөнүндө Коопсуздук Кеңешинин быйыл 31-мартта өткөн отурумунда мындай пикирин айткан эле:

- «Кыргызстан – адам укуктарын урматтаган өлкө» деген улуттук идея Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен бардык күчтү жумшап, Кыргызстандын элине чынчылдык жана абийирдүүлүк менен кызмат кылууну талап кылат. Ошого карабай, моюнга алып коюш керек, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жасалган кылмыш иштери дале болсо ички иштер органдарында учурап келатат. Айрыкча мындай кылмыштар эл менен күн сайын түздөн-түз мамиледе болгон кызматкерлер менен байланыштуу.

Бакирдин Субанбековдун айтымында, кызмат абалынан пайдаланып кылмышка барган 97 милиция кызматкери ички иштер органдарынан айдалып, 17 милиция кызматкери соттолгон.

Айтор, Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү чет өлкөгө чыгып, башка мамлекеттердин лидерлери менен жолукканда адам укуктары боюнча маселеге көңүл бурулуп атканын белгилеп келишет. Укук коргоочулар болсо абалдын оорлугун айтышып, адам укуктары багытында бийлик жүргүзгөн иш-чаралар Батыштын көзүн жазгырыш үчүн гана жасалаарын белгилешүүдө.
XS
SM
MD
LG