Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:04

Ирактын Бакуба шаарында он алты адам кармалды


Алардын баарын америкалык аскерлерге кол салган топтун мүчөлөрү дешет. Экинчи бир шаарда - Тикритте жергиликтүү губернатордун кеңсесинде бомба жарылды, маалыматтарга караганда эч ким жабыркаган жок. Ал эми Багдадда көпүрдөн өтүп бараткан автоколонна фугаска жарылып, америкалык бир жоокер набыт болду. Иракта кырдаалдын начарлагандыгына байланыштуу БУУ беш жүздөн ашуун кызматкерин чыгарып кетти. Уюмдун болгону элүү адамдан турган персоналы калды. Эл аралык гуманитардык миссиянын өкүлдөрү Иракка коопсуздук абалы жакшырганда гана кайтып келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG