Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:52

ИШКЕРЛЕРДИН КУРУЛТАЙЫ, АКШ МЕНЕН ФРАНЦИЯГА АТТАНГАН ПРЕЗИДЕНТ, ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫККА ЭЭ БОЛГОН «БАЙЧЕЧЕКЕЙ»


30-сентябрда жарык көргөн басылмаларда Кыргызстандын ишкерлеринин курултайы тууралуу, президент Аскар Акаевдин жакында АКШ менен Францияга бара тургандыгы жөнүндө жана башка макалаларга орун берилди.

30-сентябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында «Жолбүгүн» рубрикасында Алым Токтомушев парламенттин ишмердүүлүгүн талдоого алат. Автордун пикиринде, «адегенде арстандай атырылып тийип, артында мышыктай мыёолоп чыга берүү - кыргыз парламентинин өнөкөтү».

«Агымда», жакынкы бир айдын тегерегинде конструктивдүү оппозиция чогулуп, олуттуу жыйын өткөргөнү жатканы, президенттин тун уулу Айдар Акаевдин колуктусу Сайкал уул төрөп бергени, ишкерлер өз курултайында Аскар Акаевден дагы 5 жылга президенттик мөөнөткө калууну суранышканы жөнүндө да сөз болот.

30-сентябрдагы «Аалам», «Кыргыз туусу», «Эркинтоо» жана «Слово Кыргызстана» басылмалары өлкөнүн ишкерлеринин курултайы, анда сүйлөгөн президент Аскар Акаевдин сөзү жана анын АКШ менен Францияга бара турганы тууралуу кеңири жазышты. “Агымда” Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстенбековдун «президент өлкөнүн атын чыгарып, көп келишимдерди түзүп, пайда алып келүүдө» деген пикири жазылган. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов «президенттин тышкы саясаттагы түшүнүксүз кадамдары эмне менен аяктаары али бүдөмүк», деп эсептейт.

23-сентябрдагы «Аалам» басылмасы жакында электр энергиясынынын кымбатташы, эл аралык сыйлыкка арзыган “Байчечекей” журналы, аскерге барууну каалагандар тууралуу баяндады. Анда күйүүчү майдын кымбатташынын себептери жана мунайзат тармагындыгы талаш-тартыш тууралуу да материалдар бар. “Ааламдын” кабарчысы Нургазы Анаркулов өлкөнүн улуттук авиациясынын кечээки, бүгүнкү жана эртеңки абалы тууралуу “кереге кеңеш” уюштурду.

30-сентябрдагы «Республика» басылмасында Замира Сыдыкова “апрелде Оштогу жаштардын жана студенттердин форумунда айтылган идея ишкерлердин курултайында да кайра көтөрүлүп, алар А. Акаевди дагы 5 жылга президенттик орунда калууну суранышканына” таң калганын жазат. “Айрымдар “кимдин канатынын” алдында ишкерлик кылып келатканы билинип калды” дейт автор.

30-сентябрда «Слово Кыргызстана» басылмасы өлкө быйыл дан эгиндери менен толук камсыз болоорун, төө буурчактын проблемасы чечилээрин, аны түркиялык фирмалар алууга макул болуп жатышканын билдирди.

30-сентябрдагы «Эркин тоодо» кабарчы Бегим Турдалиева «Нур-борбор» чыгармачылык бирикмесинин ардактуу төрагасы Малабек Токтоболотов менен маектешкен. Анда бул бирикме чыгармачыл жаштардын ордосуна айланып, 7 ийрими иштеп жатканы, келечекте жаштардын китептерин кезеги менен чыгарууга аракет кылыша тургандыгы сөз болот.

30-сентябрдагы “Вечерний Бишкек” басылмасы ноябрда Ош облусунда Москва шаарынын маданият күндөрү болоорун, Ош жергесине москвалык эстрада, кино жана театр ишмерлери келээрин кабарлады. Бул басылма өлкөнүн Шайлоо жөнүндөгү кодексинин жаңы долбоорун талдоого алып, андагы өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG