Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:17

ООРУЛУУЛАР ИНСУЛИНДИН КЕЧИКПЕЙ КЕЛИШИН КААЛАШАТ


Кыргызстанда кант диабети менен жабыркагандар инсулинге муктаж. Мындай маанидеги билдирүүлөрдү саламаттык сактоо тармагынын бул илдетти көзөмөлдөгөн тиешелүү мекемелери эки аптадан бери байма-бай таратып жатышат. Алардын маалыматы боюнча, кыргыз өкмөтү инсулин сатып берүү маселесин тезирээк жөнгө салбаса, бир жарым айдан кийин 5000ге жакын оорулуунун өмүрүнө коркунуч туулат.

Оорулуулар менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда инсулинге байланышкан маселеге чекит коюла элек. Дүйшөмбү күнкү өкмөттүк жыйында премьер-министр Николай Танаевдин белгилегенине караганда, Финансы министрлиги Саламаттык сактоо министрлигинин инсулин үчүн 32 млн. сомдук карызын жакынкы эки айда төлөп бериши керек. Ал эми 7-октябрга белгиленип жаткан тендер учурунда Саламаттык сактоо министрлиги чет өлкөлүк фирмалардан кант диабети менен жабыркагандар үчүн 31 млн. сомго инсулин сатып алат. Өкмөттүн социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери Клара Рыскелдиеванын айтымында, кыргыз өкмөтү менен чет өлкөлүк фирмалар ушундай макулдашууга келишти. Кыргызстанда кант диабети менен жабыркагандардын жалпы саны 16 миңге чамалап барат. Алардын 4 миңи инсулинге көз каранды. Мындай дары менен оорулууларды АКШ, Дания, Германия өңдүү мамлекеттердин «Эллай Лилли», «Ново-Нордиск», «Авентис» өңдүү фирмалары камсыз кылышат.

Бирок кант диабети боюнча адистер бул маселеге кооптонуу менен карашууда. Кант диабети менен жабыркагандардын ассоциациясы премьер-министр Николай Танаевге жума күнү жолдогон экинчи кайрылуусуна жооп ала элек. Кайрылууда уюм буга чейин жабдып келген фирмалардын гана дарыларын алуу зарыл экенин дагы бир жолу эскерткен болчу. Анткени, уюмдун өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, кыргыз өкмөтүнүн 19-сентябрдагы тапшырмасы боюнча «Кыргызресурс» ишканасы инсулинди Украинадан алып келүү боюнча маселе көтөргөн.

Бишкектеги эндокринологиялык диспансердин жетекчилери тынчсызданганына караганда, Украинанын инсулини диабет илдети менен жабыркагандардын өмүрүнө коркунуч келтирет. Украиналык дарыгерлердин өздөрү бул дарыга ишенбей жатышканын көз каранды эмес адистер тастыкташкан. Ассоциациянын вице-президенти, баласы сегиз жылдан бери кант диабети менен жабыркап келаткан Татьяна Гулямованын пикиринде, мындай ишке мамлекеттик кызматкерлер адам өмүрүн ойлобой туруп барып атышат.

- Мындай кылууга болбойт, - дейт ал. - Маселени чечүүгө мындай мамиле - билбес кишинин жасаганы. Башкача айтканда, мамлекеттик кызматчылар диабет менен ооругандарды ойлобой туруп, бюджеттин каражатын үнөмдөө жагынан гана карап жатышат.

«Украинанын инсулинин алып келүүгө салымы бар» деп, адистер доомат коюп жаткан Финансы министрлиги да, «Кыргызресурс» ишканасы да бул маселеге байланыштуу өз пикирлерин айтыша элек. Кыргыз өкмөтүнүн тиешелүү бөлүмүнүн кызматкери болсо «украин инсулини боюнча эч кандай чечим жок, ошондуктан буга олуттуу маани берүүнүн зарылдыгы жок» дейт. Оорулуулар жана алардын тарапкерлери деле бул маселенин оңунан чечилээрине үмүт артышканын айтып атышат. Бирок, непадам украин инсулини өңдүү, адамдын организми кабыл ала албай турган дарыларды алып келүү демилгеси көтөрүлсө, алар колдон келген бардык аракеттерге барышат.

- Биз жөн отурган жерибиз жок. Кечээ премьер-министрге кат жаздык, - дейт ассоциациянын вице-президенти Татьяна Гулямова. – Премьер-министрге кирүүгө аракет кылып атабыз. Кокус кире албай калсак, ачык кат даярдап, аны маалымат каражаттарына жарыялайбыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG