Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

«АРНАМЫС» ПАРТИЯСЫНЫН ЖАКТООЧУЛАРЫ АКШда ПИКЕТКЕ ЧЫГУУНУ БОЛЖОЛДОП ЖАТЫШАТ


Бүгүн президент Аскар Акаев баштаган Кыргызстандын ырасмий делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын Нью-Йоркто өтүп жаткан 58-сессиясына катыша баштайт. Мамлекет башчысы 2-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунда сөз сүйлөшү жана андан соң БУУнун баш катчысы Кофи Аннан менен жолугушуусу күтүлүүдө. «Арнамыс» партиясынын Кошмо Штаттарда жашаганга жана иштегенге аргасыз болуп жүргөн мүчөлөрү кыргыз президенти АКШда болгон учурда коомдук жайларда пикетке чыгууну болжолдоп жатышат.

Бул тууралуу «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев мындайча билдирди:

- «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү жана жактоочулары Акаевдин келишине карата пикеттерди жана нааразылык акцияларын уюштурабыз.

Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү болсо «Феликс Куловдун иши анын кылган кылмыштарына байланыштуу козголгон» деп келатышат. Алсак, президент Аскар Акаев быйыл 19-июлда өткөн «Өнөктөштүк форумунда» «Феликс Кулов эч кандай «саясий туткун» эмес» деп билдирген болчу:

- Куловго карата кылмыш иши «Кулов-оппозиционер» тууралуу эч кандай сөз жок учурда эле козголгон болчу. Ал кезде Кулов мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Менден айрымдар «саясий айыпкер» деп эсептеп алган Куловду бошотууну же анын жаза мөөнөтүнүн түрүн өзгөртүүнү суранышууда. Менин оюмча, андай Кулов жана андай иш бизде жок! - деген пикирин айткан эле президент Аскар Акаев.

Эмил Алиевдин маалыматына караганда, Кошмо Штаттардагыдай эле нааразылык акцияларын «Арнамыс» партиясынын Францияда жана Европада баш калкалап жүргөн мүчөлөрү да Аскар Акаевдин Францияга иш сапары учурунда Парижде уюштурууну болжолдоп жатышканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG