Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:16

ПОЛЬША ЧЫГЫШ СЛАВЯНДАР ҮЧҮН ВИЗА ТАРТИБИН КИРГИЗДИ


Бүгүнтөн (1-октябрдан) тартып Польша пост-советтик коңшулары – Украина, Беларус жана Орусиянын анклавы – Калининград облусу үчүн виза тартибин киргизди. Баарынан кызыгы – украиндер менен калининграддыктар виза үчүн акы төлөбөйт, ал эми беларустарга виза алуу үчүн өз капчыгын аңтарууга туура келет.

Келээрки жылы Европа Биримдигине мүчө болууга ашыккан он талапкер өлкөнүн ичинен аймагы боюнча эң чоңу – Польша. Чоң өлкөнүн чоң түйшүгү бар дегендей, расмий Варшава мурдагы шериктери менен виза тартибин жөндөө жаатында кыйла машакат чекти. Бир чети, алар менен мурдагы жылуу маанайды бузгусу келбесе, экинчи чети, Европа Биримдиги койгон шарттарды аткарууга мажбур.

Эки чоктун ортосунда калган Польша сүйлөшүүлөр жолу аркылуу виза маселесин Украина жана орустардын Калининград облусу менен чече алды. Украиндер жана калининграддык тургундар Польшага келүү үчүн визаны акысыз ала алышат. Киевдик серепчи, Тынчтык, Жаңыруу жана Тышкы саясат борборунун деректири Олександр Сушко Украинанын Польша менен визалык келишимин жактаарын айтат:

- Польша менен Украина быйыл түзгөн келишимге ылайык, калайык виза үчүн акы төлөбөйт. Украина поляктар үчүн виза режимин киргизбейт. Польша болсо украин атуулдары үчүн акысыз виза тартибин киргизүүдө.

Бул өз ара жеңилдикке баруу, Сушконун сөзүнө караганда, Украина үчүн жаңылык болуп саналат. Буга чейин өлкө башка мамлекеттер менен виза тартибин теңата (паритеттик) деңгээлде жүргүзүп келген.

Орусиянын Калининград облусунун акимиятынын басма сөз өкүлү Александр Каретский да Польша менен ушундай эле визалык тартипке жетишилгенин канааттануу менен белгилейт:

- Калининград облусунун тургундары үчүн поляк визасы акысыз берилет. Виза бир жылга берилет. Ал көп жолу кирип-чыгууга мүмкүндүк бермекчи жана виза алуу үчүн Польшадан чакыруу талап кылынбайт.

Каретский мырза мындай тартип Калининград менен Польшанын чарбалык алакаларын эч үзгүлтүккө учуратпай турганын баса белгилейт.

Ал эми авторитардык мүнөзү менен айырмаланган расмий Минск Варшава менен мындай деңгээлде келишим түзүүнү өлкөнүн эгемендигине шек келтирүүгө тете деп баалады. Минскидеги Социалдык-экономикалык жана саясий иликтөөлөр институтунун жетекчисинин орун басары Александр Соснов Беларус бийликтери өлкөнү ого бетер эл аралык бөлүндүдө калтырды деп санайт:

- Менимче, виза жана ал үчүн акы төлөө маселелерин Беларус бийлиги өзү түздү. Эгерде алар арзан виза алуу үчүн сүйлөшүүгө барчу болсо, чек аранын аркы өйүзүндөгүлөр деле мындай ойду колдоого алмак.

Соснов мырзанын бул сөздөрүн расмий Минск “патриоттук эмес” деп баалашы ажеп эмес.

Албетте, виза тартиби, канчалык жеңилдетилген шартта киргизилсе да, Польша менен чыгыштагы славян коңшуларынын демейдеги чарбалык алакаларына кедергисин тийгизбей койбойт. Бул маселенин башка да өңүтү бар. Европа Биримдигине мүчө болууга ак эткенден так эткен украиндер, маселен, эми “Европадан четте калдык” деген кошумча психологиялык түйшүккө кабылбай койбойт, - дешет киевдик адистер. Украиндер түгүл поляк чегине жакын байырлаган беларустарды деле “канткен менен Орусияга мурдагыдай эле визасыз келе аласың” деген ой анчейин сооротуп жибере тургандай эмес.
XS
SM
MD
LG