Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

БУУнун агенттиги Иранга кайрылды


Иран өзөктүк курал жасоо ниети жок экендигин далилдөө үчүн БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги менен толук кызматташууга тийиш, деп билдирди агенттиктин башчысы Мухамад эл-Барадейи. Анын айтымында: Мен ачыктык Ирандын кызыкчылыгында экендигин түшүнөт деп ойлоймун. Муну алар канчалык эрте жасаса, ошончо жакшы жана өзөктүк энергияны тынчтык максатта пайдаланууда Ирандын эл аралык коомчулук менен кызматташуусуна жол ачылат. Анын айтымында, байтылган урандын калдыгынын Иранда табылышы агенттикти өзгөчө тынчыздандырууда.

XS
SM
MD
LG