АКШнын атайын кызматтары Гуантанамо базасында дагы бир кызматкерди тыңчы деп шектеп камакка алышты. Америка атуулу, бирок түбү египеттик Ахмед Мехалба базада котормочу катары кызмат кылчу. Гуантанамо базасында «ал-Кайида» жана Талибандын 660 мүчөсү кармалып турат. Ахмед Мехалбага чейин базанын дагы эки кызматкери ушундай эле шек менен камакка алынган.