Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:37

АКШда тыңчынын атын ачыкка чыгаруу чатагы иликтене баштады


АКШнын президенти Жорж Буш Борбордук чалгындоо кызматынын тыңчысынын атын шардана кылуу маселесин иликтөөчүлөр менен толук кызматташаарын билдирди. Менин администрациямдан ким ал маалыматты ачыкка чыгарганын билбеймин. Эгерде алардын ичинен кимдир бирөө бул ишти жасаган болсо, мен аны билгим келет жана ага карата тийишти чараларды көрөбүз, - дейт Буш. АКШнын юстиция министрлиги жашыруун чалгынчынын атын ачыкка чыгарылышын иликтөөнү баштады. Бул жаңжал белгилүү журналист Акүйдөгү булагына шилтеме жасап, АКШнын Габондогу мурдагы элчиси Жозеф Уилсондун жубайы Борбордук чалгындоо кызматынын тыңчысы экенин жазып чыккандан кийин башталды. Жозеф Уилсон Ирактын Нигериядан уран алууга аракеттенбегенин иликтеп аныктап, президент Жорж Буштун бул тууралуу сөзүн төгүнгө чыгарган эле. Жашыруун тыңчынын атын чыгаруу АКШда кылмыш катары бааланып, ага жол берген адам 10 жылга кесилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG