Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

АКШ: ЖАНСЫЗДЫН АТЫН ЭЛГЕ ЖАЙГАН КИМ?


АКШда ЦРУнун талап-тапшырыгы боюнча иликтөө иши башталды. Юстиция министрлиги жашыруун тыңчынын атын шардана кылып жиберген чиновниктерди таап, алардын күнөөсүн аныктаганы жатат. Президент Жорж Буш Ак үйдүн бардык кызматкерлерине тергөөчүлөр менен тыгыз кызматташканга көрсөтмө берди. Демократиялык партиянын өкүлдөрү юстиция министрлиги иштин жигин билгизбей жаап салат деп эсептеп, көз карандысыз комиссия түзүүнү талап кылышууда.

Былтыр февралда ЦРУ отставкадагы дипломат Жозеф Вилсонду Нигерияга жөнөтүп, бул өлкөдөн Ирактын уран сатып алган-албаганын тактап келүүнү өтүнөт. Вилсон ишти жеринде таптиштеп чыгып, мунун баары кайбат экенин ЦРУга кабарлайт. Бирок тастыксыз бул маалымат президент Буштун Иракка согуш ачар алдында элге кайрылган сөзүндө айтылып кетет. Мунун чекилик болгонун кийин ЦРУ өзү ырастаган, азыр да бышыктайт. Быйыл жайда болсо Вилсон президент Буштун Ирактагы саясатын сынга алып, “Нью-Йорк таймс” гезитинде өзүнүн Нигериядагы миссиясы жөнүндө айтып берген. Ошондон көп өтпөй эле вашингтондук журналист Роберт Новак Ак үйдөгү атын атабаган эки чиновникке шилтеме жасап, Вилсон Иракка чалгындоо мекемесинин тапшырмасын аткарганы эмес, өз аялы Валери Плэймдин өтүнүчү менен барганын, Плэйм болсо ЦРУнун тыңчысы экенин жазып чыгат. Андан соң “Вашингтон пост” гезити да америкалык администрациянын жогорку даражалуу өкүлдөрү Вилсондун аялы жөнүндө бери эле дегенде алты журналистке ушундай маанидеги маалымат беришкенин кабарлаган.

Америкалык мыйзамдарда жашыруун жансыздардын аты-жөнүн элге шардана кылуу олуттуу кылмыш деп эсептелинет. Муну ким жасаганы аныкталса, ал он жыл түрмөгө кесилиши мүмкүн. ЦРУ купуя жерде отурган ошондой кутумду тапканы, юстиция министрлигине кайрылып, иликтөө жүргүзүүнү өтүндү. Министр Жон Эшкрофт юстиция департаменти ЦРУдан ырасмий тапшырык-талап алганын, анын негизинде ФБР менен биргелешип тыңчынын атын ким жалпыга жайып жибергенин аныктоо үчүн атайын иш ачканын ырастады. Эшкрофттун айтымында, бул жөнүндө Ак үйдүн бардык кызматкерлерине кабарланды.

Ал эми экс-дипломат Вилсон болсо президенттин саясатын активдүү сынга алгандардын бири катары андан Ак үйдөгүлөр ушундай ыкма менен өч алууну чечти деп эсептейт. Атүгүл ал мунун артында президенттин ички саясат боюнча жакын кеңешчиси Карл Роув турганын да айтып жиберди.
Бирок муну Ак үйдүн өкүлү Скотт Макклеллан кескин четке какты. Президент Буш болсо жашыруун маалыматтын сыртка чыгып кетишине администрациядагылардын катышы бар же жок экенин билбей турганын, эгер ким-бирөөнүн буга тиешеси бар болсо, ага тийиштүү чара көрөрүн ырастады. “Менин кеңсемде иштегендердин баарына айттым, алар юстиция министрлиги менен толук өлчөмдө кызматташууга тийиш”, - деп кошумчалады Буш. Президент ошондой эле Ак үйдөгү жашыруун маалыматтарды ким бирөөлөр сыртка жайып жиберип жатканын да моюнга алды.

Ак үйдүн азыркы саясий оппонентери – демократиялык партиянын абройлуу лидерлери дароо эле юстиция министрлигине, анын калыстыгына ишенбей тургандыгын билдиришти. Демократтардын өкүлдөр палатасындагы лидери Ненси Пелози Ак үйдөгү жогорку мартабалуу кишилердин аксымдыгын териштирүүнү алар менен жакын ымаласы бар башкы прокурорго табыштоо натуура болорун белгилеп, ишти администрациядан көз карандысыз прокурор жетектеши керек деп билдирди. Пелози бул ишти аша маанилүү маселе, улуттук коопсуздук же болбосо америкалыктардын баракат жашашы үчүн жанын оозуна тиштеп иштеп жаткандарды коргоо менен эле чектелип калбай турган маселе деп баалады.

Демократтар бул окуяны ошол эле учурда эмдиги жылдагы президенттик шайлоо алдында өз активине пайдаланып калганга умтулуп жатканы да талашсыз.

XS
SM
MD
LG