Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

АЛТАЙ БӨРҮБАЕВ: «КОНСТИТУЦИЯ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ БИР АДАМДЫН ЭКИДЕН АШЫК МӨӨНӨТКӨ ШАЙЛАНЫШЫНА ЖОЛ БЕРБЕЙТ»


Кыргызстандын жаңы Конституциясы президенттикке бир эле адамдын экиден ашык мөөнөткө шайланышына жол бербейт. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев шаршембиде өткөн маалымат жыйынында ушундай билдирүү жасады. Журналисттердин суроолоруна берген жоопторунда төрага борбордук аянттан Лениндин эстелигинин алынып салынышына, «Адилет» партиясынын келерки шайлоого карата даярдыгына байланыштуу көз караштарын билдирди.

Келерки парламенттик жана президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн учурунда «Адилет» партиясы жагдайга жараша өнөктөш башка партиялар менен биригүүгө барышы ыктымал. Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы, партиянын теңтөрагасы Алтай Бөрүбаев маалымат жыйынында ушундай пикирин айтты. Анын көз карашында, 40тан ашык партиянын биригүүгө умтулушу колдой турган көрүнүш. Анткени, өлкөдөгү көптөгөн партиялардын платформалары бири-бирине өтө жакын. Алардын ичинен «Адилетке» тилектеш партиялардын катарына жаңыдан төрт партиянын башын кошуп, кайра түзүлгөн «Алга, Кыргызстан» партиясы, Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы, «Менин өлкөм» өңдүү партиялар кирет. Ушу тапта «Адилет» партиясы алдыдагы шайлоолорго камылгалар боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Бөрүбаевдин билдиришинче:

- Жалгыз аракет кылуу партиянын койгон максаттарынын аткарылбай калышына алып келет. Андыктан бир блокко биригишибиз мүмкүн. Азырынча бул маселени иликтөө жолундабыз.

Төраганын пикиринде, демократиялык өнүгүү жолуна түшкөн өлкөнүн коомдук-саясий турмушунда мыйзамды сыйлоо жана ага кыйшаюусуз баш ийүү негизги нормалардын бири болушу керек. Маалымат жыйынында ушул өңүткө басым жасаган төраганы Аскар Акаевдин келерки президенттик шайлоого барар-барбасы тууралуу коомчулукта кайрадан жанданып жаткан талкуу ынандырган жок. Ал журналисттердин суроосуна берген жообунда мындай деди:

- Мен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Чотонов мырзанын жөнөткөн суроосун алдым. Ал биздин урматтуу президенттин үчүнчү мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүн тактоону сураптыр. Сиздер билесиздер, Конституция иштеп атат. Конституциянын 43-беренесинин 1-пунктунда «Кыргыз Республикасынын президенти беш жылга шайланат» деп, 2-пунктунда «бир эле адам президент болуп экиден ашык мөөнөткө катары менен шайлана албайт» деп турат. Бул тууралуу улуу урматтуу Аскар Акаевич өзу да бир нече ирет айтты. Бул түшүнүктүү. Буга кошумча эмне айтаарды билбейм. Келерки президенттик шайлоо Кыргызстандын Конституциясынын негизинде өтөт. Менимче, муну менен баары айтылып турат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун буга чейинки билдирүүсү боюнча, анын ушул маселе боюнча эки палатага жолдогон кайрылуусунун негизинде Мыйзам чыгаруу жыйыны тыянак чыгарып берген. Ал эми Эл өкүлдөр жыйыны жообун айта элек. Дүйшөн Чотоновдун сөзүнө караганда:

- Эл өкүлдөр жыйынынын тиешелүү комитетинин төрагасы Валерий Исидорович Диль баш болуп бул маселени карап чыгып, алар «А. Акаев жаңы Конституциянын негизинде жаңы мөөнөткө президенттик шайлоого бара алат» деп чечим чыгарышканын уктум. Мен ал комитеттин жыйынына катышкан жокмун, бирок ошондой чечим чыгарышканы чын. Мен ал чечимди алгандан кийин эки палатанын чечимдерин салыштырып карап көрүп, Конституциялык Сотко кайрылайын деп атам.

Ал эми президенттин келерки мөөнөткө барышы зарыл экендигин ишкерлердин өткөн аптанын этегенде болгон курултайында айрым делегаттар айтып чыгышкан.

Саясий чөйрөнүн бүйүрүн кызыткан дагы бир маселе – В. И. Лениндин эстелигинин айланасындагы талкуу - ушу күнгө чейин уланууда. Коммунисттер бул маселеге байланыштуу соттошуп атышат. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «эстеликти которуу тууралуу өкмөттүн чечими мыйзамсыз» деген бүтүмгө келишкен. Бул маселеге Эл өкүлдөр жыйыны кайрылаар-кайрылбасы белгисиз. Алтай Бөрүбаевдин өзү Лениндин эстелигинин которулушун колдойт. Бирок, анын айтымында, мыйзам бузууларга байланышкан ызы-чуу өкмөткө да, парламентке да чоң сабак болду.

- Бул баарыбызга сабак болду. Өкмөт Мыйзам чыгаруу жыйынынын 3-4 күнкү талкуусунда жетиштүү эле сын-пикирлерди укту окшойт. Ал мындан тиешелүү тыянак чыгарышы керек. Мыйзамдын өзүнө келсек, менин жеке пикиримде, ал кабыл алынып калган соң, аткаруу бийлиги, ар бир атуул аны аткарышы зарыл. Дегинкиси келечекте ушундай резонанс туудурган мындай маселелерди эл менен кеңешип чечиш керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG