Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Бишкек шаардык соту коммунисттердин Н.Танаевге каршы доо арызын кароону улантуудан баш тартты


БИШКЕК. Бишкек шаардык соту Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекованын премьер-министр Николай Танаевге каршы берген доо арызын эки күн бою карап, бүгүн ишти кароону улантуудан баш тартты. Бул тууралуу сот ишин караган судья Галина Люлякова сот жараянынын катышуучуларына жарыялады. Галина Люлякова «Азаттыктын» кабарчысынын: «Доо арызды эки күн бою карап, жыйынтыгында аны кароодон эмне үчүн баш тарттыңыз?» деген суроосуна жооп берген жок. Ал эми доогер Клара Ажыбекова шаардык соттун мындай чечимине каршы Жогорку Сотко, андан соң Конституциялык Сотко арыз берээрин маалымдады. Быйыл 16-августта премьер-министр Николай Танаевдин токтому менен Бишкектин «Алатоо» аянтындагы В. И. Лениндин эстелиги Жогорку Кеңештин имаратынын алдына которулган. Көп өтпөй Кыргызстан коммунисттер партиясынын жетекчиси Клара Ажыбекова «өкмөт башчысы В. И. Лениндин эстелиги тууралуу 2000-жылдын май айында Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамды бузду» деп, сотко арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG