БИШКЕК. «А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын мүчөлөрү жакында «А.Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катышпасын» деген атуулдардын колун топтой башташат. Кыймыл Аскар Акаевди жаңы мөөнөткө президенттикке шайлоо демилгесинин мыйзамсыздыгын белгилеп, кыргыз элине, саясий партияларга, бейөкмөт жана эл аралык уюмдарга, парламенттин депутаттарына кайрылууларды жолдойт. Мындай чечим кыймылдын бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Отурумдун катышуучулары жакында «Аскар Акаев 2005-жылы президенттик шайлоого катышууга укугу барбы?» деген суроонун тегерегинде жыйын өткөрүүнү чечишти. Талкууга саясий партиялардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын, бийлик органдарынын өкүлдөрү жана депутаттар чакырылмакчы.