Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Бээжиндин Тянанмен аянты – азар жеген адамдардын сүйүктүү жайы


Бүгүн Бээжиндин Тянанмен аянтында жумушсуз калган кытай жараны өзүн өрттөмөк болду.
Өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттигинин кабарлашынча, Гонган провинциясынан келген жумушсуз өзүнө отту коюп жибергенде, күзөттө жүргөн полицай өрттү тез өчүрүп, жеңил жараат алган жанкечти аман калган.

Агенттиктин кабарлашынча, жумушсуз адамдын өзүн Кытайдын улуттук күнү майрамдалып жаткан аянтта өрттөө себеби тергеле баштады.

Бул Тянанмень аянтындагы акыркы төрт айдагы төртүнчү өзүн өзү өрттөө аракети.

XS
SM
MD
LG