Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:50

Иран МАГАТЭге өз шартын айтты


Ырасмий Тегеран Бириккен Улуттар Уюмунун аскерий инспекторлорунун Ирандын бардык өзөктүк жабдууларын текшерүүсүнө макул. Бирок, Иран өзөктүк станциясына зарыл уранды өндүрүүгө укуктуу болушу шарт.
Ирандын тышкы иштер министри Камал Харазинин бул сөзүн өкмөттүк ИРНА агенттиги бүгүн таратты.
БУУнун Атомдук энергия боюнча агенттиги-МАГАТЭнин талабына ылайык, Иран 31-октябрдан кечиктирбей өлкөдө өзөктүк куралдарды өнүктүрүүнүн жашыруун программасы жок экенин далилдеш керек.
Талап аткарылбаса, МАГАТЭ маселени БУУнун Коопсуздук Кеңешине өткөрүп бермекчи.
Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк куралдардын үстүнөн жашыруун иштөөдө деп узактан бери шектенип жүрөт.
МАГАТЭнин эксперттери бүгүн Иранга келишип, өзөктүк куралдарга тиешелүү жайларды текшере баштайт.

XS
SM
MD
LG