Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Израил”Жаңы Берлин дубалын” курууда


Израил өкмөтү бүгүнкү кеңешмесинде Батыш Жээкте коопсуздук коргонун курууну улантуу тууралуу чечим кабыл алды.
Бетон дубал Батыш Иордандын ичкери жагына кирип кеткен жөөт можурларынын бир нече конушун айланта курчайт.
Израилдин вице-премьер министри Ехуд Олмерттин сөзүнчө, 300 чакырымдык коргон жөөтөрдүн коопсуздугу үчүн “өтө пайдалуу” болот:

- Биз баарынан мурда жана биринчи кездекте бул жерде жашаган элдин коопсуздугун камсыздоого аракет кылуудабыз. Бул кадыресежана табигый иш болгондуктан, ага эч ким каршы чыга албайт. Бул бирок палестин элине кандайдыр бир азар көрсөтүүгө багытталбаган.

Бириккен Улуттар Уюму-БУУ, АКШ жана бир катар укук коргоочу уюмдар Израилден коргондун курулушун токтотууну талап кылышкан.
Палестиналыктар бетон коргондун курулушун “Жаңы Берлин дубалы” деп сындашты жана коргон келечектеги Палестина мамлекетининин курамына кирчү жерлерди басып алууга багытталган дешет.

Израилдик жоокерлер бүгүн таңга жуук тикучарлардын коштоосунда Батыш Иордандын түндүгүндөгү палестин качкындарынын лагерин киришип, “Ислам Жихады” куралдуу тобунун башчыларынын бири Басам Саадини кармап кетти.
Саади менен кошо 14 адам камакка алынганын Израил армиясы ырастады.

XS
SM
MD
LG