Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

АМЕРИКАЛЫК КУРАЛДУУ КҮЧТӨР ЖАНА КЫРГЫЗ ЖУРТЧУЛУГУ


Чолпон Орозобекова, Бишкек Урматтуу угармандар, “Коом жана турмуш” берүүсүнүн кезектеги санын сунуштайбыз. Бүгүн “Американын куралдуу күчтөрү жана кыргыз журтчулугу” деген темада сөз болмокчу. Берүүдө “Чоң державанын аскерлеринин келиши Кыргызстанга эмне берди? Кыргыз журтчулугу бөтөн аскерлерди кандай кабыл алууда? АКШ аскерлеринин жергиликтүү калк менен карым-катышы кандай?” деген суроолордун тегерегинде талкуу болмокчу.

Чолпон Орозобекова:
- Саламатсыздарбы? “Коом жана турмуш” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышын баштайбыз. Микрофондо мен, Чолпон Орозобекова. Мага кабарчыларыбыз Азиза Турдуева жана Мелис Кыязов жардам беришет.

“Манас” аба майданындагы Америка баштаган куралдуу күчтөрдүн турганына 2 жылга чукулдап баратат. АКШда 11-сентябрда болгон каргашалуу окуядан кийин кыргыз бийлигине 2001-жылы ушундай олуттуу да, оор да сунуш түшкөн. Чет элдик куралдуу күчтөрдү орнотуу маселеси кабыргасынан коюлганда муну президент А. Акаев дароо эле макул көргөн десек жаңылбайбыз. Кыргыз парламенти болсо катуу каршы чыгып барып, бирок акыры бул келишимди ратификациялап берген. Учурда П. Ганси атындагы авиабазада АКШ, Жаңы Зеландия, Корея, Италия жана Нидерланды мамлекеттеринин аскерин кошкондо 1600 киши бар. Быйыл П. Ганси атындагы авиабазага кыргыз өкмөтү тарабынан 300 гектар жер ижарага берилди. Азыркысынан 25 эсе чоң, Сокулуктан жаңы берилген жерге көчүүгө даярдыктар “Гансиде” кызуу жүрүп аткан кез. Айрым саясатчылардын “Ооганстандагы операциялар аяктагандан кийин америкалык аскерлер кетет” деген үмүтү ишке ашкан жок. А эмне үчүн америкалык аскерлер мурдагыдан да жайлуураак жайгашып атышат? Бул боюнча Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевдин оюна кулак төшөйлү:

- Негизи башында эле келишимде бул аскердик база бир жыл тураары жана ага чейин эки тараптын бирөө келишимден баш тартпаса мөөнөт узара берээри жазылган болчу. Ошондуктан Американын аскердик базасы кеткен жок. Дагы бир топко кетпейт. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, Ооганстандагы абал толук оңолмоюнча кетпейт. Экинчиден, алар Орто Азия мамлекеттеринде биротоло турукташып, аскердик жана экономикалык мамилени чыңдоо максаты бар. Ошондуктан, азыр бул куралдуу күчтөр бир далай убакытка чейин кетпейт деп ишенимдүү айтканга негиз бар.

“Чакан жана жарды Кыргызстандын чоң державалардын аскерлерине кучак жайышына ириде материлдык кызыкчылык себеп” деген пикирлер Кыргызстандын ичинде да, тышында да айтылып атат. АКШнын “Уолл стриит жоурнал” гезитине Вашингтондогу саясат иликтөө инистутунда иштеген Владимир Сокор да так ушундай оюн жазган. “Жарды Кыргызстанга учактардын ар бир конгонуна төлөнчү 7 миң доллары, элге бул авиабаза жумуш таап берип атканы жана товарларын сатып алып атканы чоң пайда” деп жазат Владимир Сокор. АКШ чынында эле куралдуу күчтөрүн бизге киргизгенден кийин Кыргызстанга ар кыл өңүттөгү жардамын кеңейтти. “Былтыр бул авиабаза бир жыл ичинде баш-аягы 92 млн. доллар коротту” деген маалымат бар. Бирок бул акчанын баары мамлекеттик казынага түшкөн жок. Аларга кызмат көрсөтүп аткандардын бир кыйласы менчик компаниялар экенин да эске алган оң. Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, соңку үч жылда кыргыз армиясына 20 миң доллар өлчөмүндө жардам түшкөн. Эми болсо келерки жылда эле кыргыз аскерлерине 6 млн. доллар көмөк кылууга убада берилди. Мен азыр сөздү кесиптешим Азиза Турдуевага бергим келип турат. Азиза “Мындай чет элдик авиабазадан Кыргызстандын саясий утушу эмнеде?” деген суроого жооп издемекчи.

Азиза Турдуева:
- Кыргызстанда П. Ганси атындагы авиабазанын жайгашуусуна карата бүгүнкү күндө коомчулукта, саясатчылар арасында ар кандай пикирлер айтылып жүрөт. Анда бул маселе боюнча айрым саясатчылардын пикирлерин чогуу уксак. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Карыпбек Алымкулов буга байланыштуу мындай дейт:

- Биз 1999-жылы, Баткенге согушчандар кирип келгенде, кандай кыйынчылыктарды көрүп, кандай абалда калдык эле? Ошондо канчалаган жоокерлерибизден айрылганбыз. Ошондуктан, «Ганси» авиабазасынын Кыргызстанда жайгашышы өлкөнүн коопсуздугу үчүн да керек. Экономикалык жактан да пайдалуу.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Исмаил Исаков да ««Манас» аба майданында жайгашкан авиабаза Кыргызстандын коопсуздугу үчүн керек» деген пикирде. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары, өлкөнүн мурдагы ички иштер министри Темирбек Акматалиев да «Ганси» авиабазасынын Кыргызстан үчүн экономикалык жактан пайдалуу экендигин белгилейт.

- Кыргызстан - кичинекей өлкө. Азырынча ал экономикалык жактан жетиштүү өнүгө элек. Ал эми ар бир авиабаза – Кыргызстан үчүн миңдеген жумушчу орундар, миллиондогон каражаттар, - дейт Т. Акматалиев.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаров «Кыргызстанда ар кандай өлкөлөрдүн авиабазаларын жайгаштыруунун зарылдыгы жок» деген көз карашта.

- Мен АКШнын да, Орусиянын да авиабазаларынын жайгашуусун каалабайт элем. Мен Кыргызстан өзүнүн ордун дипломатиялык жолдор менен бекемдеши керек деп эсептейм, - дейт А. Мадумаров.

Чолпон Орозобекова:
- Рахмат, Азиза. Ганси атындагы авиабазага жакын жайгашкан айылдардын эли америкалык аскерлер менен түздөн-түз байланышта болуп атышат. Көзгө чоочун, кымбат машиналарды минип алып кыштакты аралап, кээде көчө боюнда ойноп аткан балдарга момпосуй берип, аларды сүрөткө же видеотасмага тартып калышат экен. Биз авиабазага жакын Манас жана Алтыбарак айылдардын тургундарынын пикирилерин уктук элек. Ошолордун айрымдарына кулак салсак.

Зыйнагүл:
- Мен мектепке баламдын чогулушуна барганда уктум. Бул аскерлер мектепке 20 компьютер белек кылышыптыр. Андан тышкары, окуу куралдарын, кийим-кечек жана тамак-аш берип, колдоо көрсөтүп атышыптыр. Менимче, бул чоң нерсе. Булардын зыяны кандай экенин билбейм, пайдасы эле көп болуп атат.

Биялы, мектеп окуучусу:
- Мага америкалык аскерлер жакпайт. Момунтип көчөдөн керсейип өтүп кетишет. Такыр учурашпай, көңүл бурбай коюшат. Сен учурашсаң анан кичине карайт. Кичине балдарга кээде эле момпосуй бергени болбосо...

- Биздин аскерлерден эмнеси менен айырмаланат экен?

- Эми биздин аскерлердин бою кичине да. Булар болсо тим эле солдоет... Бирок булар күчтүү деле эмес. Мен уктум, буларга дары берип боюн чоңойтушат экен, атайын.

Нургүл:
- Мен Акбарак айылында жашайм. Учактардын таң азандан баштап учканы маземди алчу болду. Айрыкча жанагы “истребитель” дегени учканда жөн эле үйлөрүбүз титирейт. Анан бети-башыбызга жөн жерден эле жара чыгып атат. Мына, жакында эле ооруканага кызымды алып жаттым. Колу туруп-туруп эле ириңдеп кетти. Доктурлар “аба аркылуу микроб жуккан” деп атышат.

- Ушунун баарына авиабазанын байланышы бар деп ойлойсузбу?

- Ооба, ушул учактардын тынбай учканы себеп го дейм. Жок дегенде киши жашаган жерден алысыраак эле жайгашышса болмок экен.

Азыр эми Ганси атындагы авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмүн башкарган капитан Аллан Хариттидждин сөзүнө кулак төшөсөк. Тээ океандын ары жагынан келген аскерлер кыргыз эли тууралуу кандай ойдо болуп атты экен?

- Менин оюмча, бул жакта иштеп атканда жергиликтүү калк бизге абдан оң келди. Бул жакта авиабазада тилмеч, айдоочу болуп жана тейлөө кызматында кыргызстандыктар иштешет. Биз алар менен кадимкидей достошуп кеттик. Кыргызстандыктардын кулк-мүнөзүн жакшы билип калдык. Алар мыкты адамдар жана мыкты адистер экен, - дейт америкалык капитан.

Кыргызстан го эмне максат менен өз жерине куралдуу күчтөрдү киргизгенин айттык окшойт. Ал эми АКШнын каалаганы эмне? Түндүк Атлантика Альянсынын аскер күчтөрүнүн башкы командачысы Жеймс Жонс НАТОнун америкалык аскер күчтөрү Чыгышка ташталаарын билдирген. Айрым байкоочулардын баамында, бул ириде АКШнын кийинки аскердик саясатынан улам айтылган сөз. «Кошмо Штаттар үстөмдүк кылуу саясатына билек түрүнө киришип калды» деп аткан байкоочулардын бирине да кеп кезегин узатсак. Бишкекте көп жылдан бери Борбор Азиядагы Америка университетинде иштеген саясат таануучу Виллиам Хансен ушундай ойдо.

- АКШ азыр мүмкүн болгон жердин баарына аскер базасын ачып атат. Бул - Жорж Буш башында турган азыркы америкалык жетекчиликтин үстөмдүк кылуу саясаты. Америка үчүн Борбор Азия мамлекеттери да стратегиялык аймак болуп саналат. Ал Кыргызстанда аскердик базасын орнотуу аркылуу бул кичинекей мамлекетке үстөмдүк кылуу аракетин ийгиликтүү ишке ашырып жатат, - дейт Виллиам Хансен.

Эл аралык антитеррордук коалициянын аскерлерине кол тийбестик берилген. Алардын машинасын токтотконго, текшергенге, аскерлердин документтерин текшергенге болбойт жана алар күнөө кылып алса да кыргыз тартип сакчылары аларды жазалай албайт. Депутаттар өз кезегинде: «Эгер аскерлер биздин атуулдарга зыян кылып алса кандай болот?» - деп тынчсызданышкан эле . 2002-жылы март айында америкалык бир аскер машина менен эки кыргыз кызды сүзүп алган. Америкалык тарап экөөнүн тең дарылануусуна кеткен чыгымды төлөп берди. Ошондон кийин авиабазанын аскерлерине машина айдаганга тыюу салынды. Ал эми күнөөлүү аскердин бияктагы мөөнөтү бүтө элек болсо да, АКШга кайра кайтарылган. Ал жактан кандайдыр-бир жоопко тартылдыбы же жокпу, белгисиз. Ал эми италиялык бир аскер түнкүсүн дискотекага барам деп өзү теңдүү жергиликтүү жигиттерден таяк жеди. Ошондон кийин аскерлерге түнкүсүн Бишкекти аралаганга тыюу салынды. «Америкалык учактар уча баштагандан кийин эгинибиз, жашылча-жемиштерибиз мурдагыдай түшүм бербей калды» деп, авиабазага жакын жашаган элеттиктер кабатыр болушкан. Сокулукта бул боюнча атайын өкмөттүк комиссия да түзүлгөн эле. Кесиптешим Мелис Кыязов атайын Сокулукка барып, бул тууралуу калктын оюн угуп келген эле. Сокулук районунун Жаңыжер айыл өкмөтүнүн башчысы Батырлан Куловдун оюн уксак.

- Авиабазанын учактары уча баштагандан кийин биздин айылда түшүм абдан начарлады. Мурда такыр мындай болчу эмес. Биздин дыйкандар чогулуп өкмөткө кайрылуу жөнөтүшкөн. Анда учактардын көп учканы жүзүм, помидор, буудай ж.б. түшүмүн начарлатканын жазганбыз. Ошондон кийин ар бир министрликтин өкүлдөрү катышкан атайын комиссия түзүлгөн. Алар биздин талааларды кыдырып, курт баскан жүзүм, чүрүшкөн помидор-бадыраңдарды көрүштү. Бирок өкмөттүк комиссиянын тыянагына караганда, буга “Гансинин” эч кандай тиешеси жок, болгону биздин жашылча-жемиштер жана эгин-тегиндер баары “ооруп” атышыптыр.

Мелис Кыязов:
- Бул бүтүм сиздерди канааттандырдыбы?

- Жок, биздин оюбузча, авиабазанын эле зыяны тийип атат. Кантип эле бардыгыбыздын жүзүмүбүз да, буудайыбыз да курт түшүп эле ооруп калсын?

Чолпон Орозобекова:
- Сокулук менен бизди байланыштырган Мелис, сага ырахмат.

Эл аралык террорго каршы авиабазадан бир күндө 300 кубметрге жакын таштанды чыгат экен. Мындан бир жарым жыл мурда америкалык аскерлер ыргыткан тамак-аш калдыктарын, темир-тезек жана башка буюм-тайымдарды 400гө жакын кыргызстандык баса калганы акмалап турчу. Таштанды төгүлүп атканда айрымдары машинаны астына да кирип кете жаздачу экен. Бул көйгөй Бишкектеги чоң санитардык проблемага айланган. Азыр болсо америкалык таштандылар мурдагыдай жумушсуздар жана үй-жайсыз адамдар тарабынан таланбай калды. Азыр биз сөз бере турган Жаныбек Чыңгышбаев авиабазадан чыккан таштандыларды ташып чыгаруу милдетин атайын тендерде жеңип алды. Өзүн гана эмес он алты кишини жумуш менен камсыз кылып аткан ишкананын жетекчиси мындай дейт:

- Биздин ишканада тогуз машина бар. Алар авиабазага күнүнө 1-2ден рейс жасашат. Азырынча америкалык тараптан бизге бир да жолу нааразылык боло элек. Таштанды салган кутуларды хлорлоп жууп, таптаза кармайбыз. Анын үстүнө таштандыларды атайын мүшөктөргө салып, анан ыргыткандары жакшы шарт түзөт. Бишкектегидей таштанды сасып кетүү же чирүү деген жок.

- Таштандыларды чогултуп кетип эмне кыласыздар?

- Темир-тезекти өзүнчө алып барып өткөрүп тыйын кылабыз. Тамак-аш калдыктарын болсо жаныбыздагы чочко фермага сатып атабыз. Кагаз-кугаздарын да чогултуп барып өткөрөбүз. Азыр бул таштандынын бир да бөлүгү калбай, кайра иштетүүгө жөнөтүлүп атат, - дейт Жаныбек Чыңгышбаев.

Сиздер америкалык аскердик базадан чыккан таштандылар кандайча ташылып жана иштетилип атканы тууралуу маекти уктуңуздар.

Урматтуу угармандар, «Коом жана турмуш» маалымат-аналитикалык уктуруубуз соңуна чыкты. Бүгүн АКШ ж.б. бир катар мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн биздин жерден орун-очок алышынын күңгөй-тескейи тууралуу сөз козгодук. Берүүнү Бишкек студиясында мен, Чолпон Орозобекова, алып бардым . Мага кесиптештерим Азиза Турдуева жана Мелис Кыязов жардамдашты. Саламатта калыңыздар.
XS
SM
MD
LG