Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:45

ОППОЗИЦИЯЛЫК КЫЙМЫЛ ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВДИН МӨӨНӨТҮН УЗАРТУУГА КАРШЫ


Азиза Турдуева, Бишкек 1-октябрда Бишкекте «А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын жыйыны өттү. Анда президенттин кийинки мөөнөткө калышы тууралуу сунуштардын мыйзамсыздыгы жөнүндө айтылды. Кыймылдын мүчөлөрү «президенттин 2005-жылкы шайлоого катышуусуна жол берилбеши керек» деген көз караштарын билдиришти.

«А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын төрагасы, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров кыймылдын бул жыйынынын себептерине мындайча токтолду:

- Мына өткөн жумада күтүлбөгөн жерден ишкерлер Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү сунуш менен чыгышты. Мурда мындай сунуштар Ош шаарындагы студенттер, Өзгөн районундагы айрым согуш ардагерлери, эмгек баатырлары тарабынан айтылган эле. Президент мындай мыйзамсыз чакырыктарды угуп, унчукпай атканы бизди тынчсыздандырып атат.

Ал эми Кыймылга мүчө болгон «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын төрагасы Жыпар Жекшеев «ишкерлер «президент дагы бир мөөнөткө калсын» деген сунушту айтууга аргасыз болушту» деген пикирин билдирди.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда укуктук, материалдык жактан көз каранды адамдар - ишкерлер. Бир да ишкер бүгүн ачык, мыйзамдуу түрдө иштей албайт. Ошол эле ишкерлер «бүгүн Кыргызстанда иштегенге мүмкүн болбой калды» деген пикирлерин айтып жүрүшөт. Бирок бул жөнүндө ачык айтуудан алар коркушат. Эгерде алар мыйзамдуу мейкиндикте иштешкен болсо, мындай сунуштарды айтышпайт эле, - деди Жыпар Жекшеев.

«А. Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылынын курамындагы «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев өз оюн мындайча билдирди:

- Мындай сунуштар жогорку бийликте отургандардан, «жетинчи кабаттан» чыгып атат. Бул - А. Акаевдин өзүнүн макулдугу менен болуп жаткан нерсе. Кыскасы, бул бийликтен кетпөөнүн амалы. Мындай көрүнүштөр буга чейин да орун алып келген.

Топчубек Тургуналиевдин маалыматына караганда, Европа Биримдигинин өкүлдөрү Бишкекте бир катар саясий партиялар менен болгон жолугушуу учурунда «2005-жылы президент Конституцияны бузууга барбай, бийликтен кетиши керек» деген пикирлерин айтышкан.

Ал эми жыйынга катышкан укук коргоочу Турсунбек Акун ушул маселеге байланыштуу буларга токтолду:

- Ишкерлер, ошол эле Воронин, Ибраимов президентти мыйзам бузууга түртүп жатышат. Мындай сунуштар мыйзам бузуу болуп эсептелет. Президент «мен кийинки мөөнөткө бара албайм, мени мыйзамсыз жолго түртпөгүлө» деп айтышы керек эле.

«А.Акаевди кызматтан кетирүү, эл үчүн реформа жасоо» кыймылы Кыргызстандын элине «Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча демилгелер мыйзамсыз» деген кайрылуу жолдомок болду. Кыймылдын мүчөлөрү А. Акаевдин кийинки мөөнөткө калышына каршы болгон атуулдардын колун топтоону чечишти. Кыймыл президенттин кийинки мөөнөткө шайлоого катышуусуна бөгөт кое турган иш-аракеттерди жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG