Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:07

Вашингтон Израилдин палестиндердин чабуулдарынан коргонуу чараларын талкуулоодо


АКШнын Мамлекеттик департаменти Израилдин өз элин коргош үчүн палестин аймактарында жаңы тосмо дубал орнотуу чечимин Тель-Авив менен талкуулап жатканын маалымдады. Шаршембиде жактырылган план боюнча, Израил жөөттөрдү палестиндердин чабуулдарынан калкалаган бийик дубалды дагы 45 чакырымга узартып, Иордандын батыш жээгине тереңдете орнотмокчу, бирок палестин аймагынын ортосунда орун алган Ариел кыштагынын тегереги ачык калтырылып, ал жерге аскерий күзөт тургузулат. Палестин өкмөтүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү өкүлү Саеб Эрекат дубал палестин калкынын жашоосун кыйындатаарын эскертти:

- Мен бул тосмону коопсуздук дубалы деп эсептебейм. Ал жөөттөрдү палестиндерден коргобойт, болгону - палестиндерди экиге бөлөт. Башкача айтканда, ал жерде жашаган 350 миңдей палестиндер эми Израилге караштуу болуп калышат. Андан сырткары дубалдын ары жагына алардан башка суу менен камсыздоо системасынын 80%ы өтөт, бул АКШ президентинин Жакынкы Чыгыштагы эң чоң утулушу болот.

Президент Буш Израилдин тосмо дубал орнотуу чечимин жаңы "проблема" катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG