Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

АКШ БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө Ирак боюнча толукталган резолюция долбоорун сунуш кылды


Бул тууралуу маалымдаган Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Боучердин айтымында, Вашингтон даярдап бүткөн жаңы резолюция долбоорунда Бириккен Улуттардын Иракта көп улуттуу күчтөрдү жайгаштыруу жана бийликти акырындап Ирактын элине өткөрүп берүүдөгү ролу даана көргөзүлгөн. Европа Комиссиясы Иракка жардам иретинде алдыдагы 14 ай ичинде 200 млн евро бөлүштүрөөрүн жарыялады. Иракта болсо, Тикрит калаасынын жанында болгон жардыруудан АКШлык бир аскер набыт болуп, үчөө жараат алышты. Багдаддагы полиция бөлүмүнө жумушсуз адамдар чабуул коюп, аларга каршы ачылган октон эки киши жарадар болду.

XS
SM
MD
LG