Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

ПРЕМЬЕР-МИНИСТР Т.БЛЭР ДЕЛЕГАТТАРДЫ ИШЕНДИРДИ. ЭЛДИЧИ?


Британиянын премьер-министри Тони Блэр башкаруучу Жумушчу партиянын шаршемби күнкү жыйынында өз өкмөтүнүн саясатын, анын ичинде өлкөнүн Ирак согушуна катышуусун чечкиндүү жактады. Соңку жарым жылда-Ирак саясатынан улам Блэрге оппозиция күчтүү болгону менен, ал сөзүн аяктаганда партиялаштары узакка созулган кол чабуулар менен алкашты.

Британ өкмөт башчысы Антони Блэр көздөгөнүнөн кайра тартпаган саясатчы экенин башкаруучу Жумушчу партиясынын шаршемби күнкү жылдык конференциясы дагы бир ирет ырастады.

Блэр өз өкмөтү жүргүзгөн саясатты коргогон сөзүн аяктагандан кийин, партиялаштары аны 7 мүнөт бою дүркүрөтө кол чаап алкашты. Мындай ийгиликти күтпөгөн жергиликтүү маалымат каражаттары менен талдоочулар Блэрге“Эр жүрөк, оттой жанган тайманбас, таң каларлыктай курч, өзүнө ишенген, жеңиш жылоологон саясатчы” деген бааларын беришти деп билдирет “Азаттыктын” Лондондогу кабарчысы Ян Юн.

Бир күн мурда эле Жумушчу партиясындагы маанай башка болчу. “International Herald Tribune” гезитинин жазышынча, финансы министри Гордон Браундун шейшемби күнкү өтө курч сөзүн көпчүлүк байкоочулар “Блэрден бийлик тайды” деп жоромолдошкон эле.

Тони Блэрдин Ирактагы согушту колдоо чечими, Иракта кыргын салчу куралдардын табылбай жатканы, коркунуч Саддамга каршы күч колдонууну актайт деген сөзү, ошондой эле, саламаттыкты сактоо жана эл агартуу тармактарындагы осол абал, анын эл арасындагы популярдуулугун төмөндөтүп жиберген. Акыркы сурамжылоо Блэрди элдин жарымы колдорун көрсөткөн.

Эски атаандашы жана мамлекеттин казына башчысы Гордон Браундун чакырыгына Блэр солк этпеди. Ал өлкөнү согушка тартканына өкүттө экенин да көрсөтпөдү:

- Ирак эл аралык коомчулукту бөлүп жарды, ал мамлекеттерди, үй-бүлөлөрдү, досторду жааташтырды... Көпчүлүк биздин аракетибизди чын жүрөктөн жаңылыштык деп санашканы мага маалым. Мени жактабаган ар бир адамды мен сыйлайм. Мен бир гана нерсени сурайм: Менин чечимимди сындасаңар да, менин чечимимди жана эмне үчүн андай чечимге кайра барарымды түшүнсөңөр деймин.

Тони Блэр Кошмо Штаттарынын Ирак саясатын жактоо себебин мындай деп түшүндүрдү:

- Мен эмне үчүн согушта Американын тарабын алып, Европа менен болбодум? Анткени, Америка менен Европа чогуу иштемейин, терроризм жеңилбесин билем. Бул Америкага жан тартуу эмес. Америка дүйнө үчүн аракеттенип жатканда, аны чанып басып кетүү-бул бөлүнүүчүлүк болмок. Дүйнөдөгү эркин соода үчүн күрөш жүрүүдө. Африканын үмүтү үчүн согуш жүрүүдө.

Блэр алган багытынан тайбасын баса айтып, саясатчы элге жакпаган чечимдерге баруудан коркпоо керек экенине делегаттардын назарын бурду:

-.ар бир саясатчы популярдуу иштерди жасай алат. Мен андай кадамга аз барганымды жана адамдарга ишеничин жазбай кармоо кыйын экенин билем. Кээ бир адамдар мен жөнүндө ар кандай пикирде болушу мүмкүн... Мен алардын аруулугуна, жакшы сезимдерине ишенем...

Жумушчу партиясынын жооптуу кызматкерлеринин сөзүнчө, Блэр үчүнчү ирет шайлоодо жеңип чыгуусу үчүн дагы көп иштөө зарыл.

“The Financial Times” гезити эскерткендей, “мырза Блэрдин өз өкмөтүн эски жолойдогу социализмден жана Маргарет Тетечердин консерватизминен алыс кармоо аракети коомчулук үчүн көп маанилүү эмес. Эл өкмөт аларды кайда алып баратканын билгиси келет.

Лондондогу Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун мүдүрү Чарлз Женкинс делегаттардын мамилеси-Блэрди партиялаштары мурдакыдан да бекем колдоорун көрсөттү, бирок, ал өкмөт башында калам десе, көп иштөөсү абзел дейт:

- Жыйында, албетте, Тони Блэр акыр аягында көпчүлүк делегаттардын ишеничине жетишти... Анткен менен, анын жалпы ийгилиги алдыдадагы күндөрдөгү талкууда көрүнөт. Бирок, ал кеңсесинде калам десе, чоң өлкөнү өзүнө ишендириш керек. Өлкөдө ага ишенбегендер көп.

XS
SM
MD
LG