Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Бириккен Улуттар Уюмунда Ирак боюнча жаңы резолюциянын долбоору таркатылды. Текстке бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Баарыдан мурда Ирактагы кайра куруу иштерине катышканга Бириккен Улуттар Уюмуна өзүнүн саясий активин арттыруу сунуш кылынган. Бирок документте бийликти ирактыктарга өткөрүп берүүнүн так мөөнөтү дале аталган эмес. Бир катар консультациялардан соң долбоор ырасмий түрдө Коопсуздук Кеңешинин кароосуна коюлат.

Долбоордун тексти менен кеңештин туруктуу мүчөлөрү таанышып чыкканга үлгүрүштү. Ошол эле күнү Колин Пауэлл Вашингтондон өзүнүн бир катар коллегаларына, атап айтканда, британ, француз, орус, испан жана немец тышкы иштер министрлерине телефон чалып, документтин айрым деталдарын талкуулады. Кай бир саясий борборлордон, мисалы, Москвадан чыккан алгачкы апаздарга караганда, туруктуу мүчөлөрдө принциптүү каяшаяк пикирлер калган жок. Кала берсе Франция да тексттеги жаңы толуктоолорго шүйшүнүп кетпегени менен вето укугун колдонгонго ниети жоктугун ырастады. Алдыдагы күндөрдө долбоор менен кеңештин утурумдук мүчөлөрү тааныштырылат, андан соң документ ырасмий түрдө кеңештин кароосуна коюлат.

Текстке көз багып көргөн дипломаттардын айтымында, жаңы долбоордо Бириккен Улуттар Уюмунун мандаты менен бейпилдик контингентин түзүү сунуш кылынат. Уюмдун Ирактагы өкүлүнүн статусу да кыйла так аныкталган. Ошондой эле азыркы оккупациялык режим убактылуу арга экени, өлкөдө эл аралык коомчулук тарабынан таанылган өкмөт түзүлөр замат бийлик ага өткөрүлүп берилери белгиленет. Бирок мунун конкреттүү мөөнөтү баштагыдай эле аталган эмес. Дипломаттардын сөздөрүнө караганда, алдыдагы консультациялардан соң мындай дата кантсе да долбоорго киргизилиши мүмкүн.

Баш катчы Кофи Аннан убактылуу ирак өкмөтүнө бийликти үч-беш айдын аралыгында өткөрүп берүүнүн зарылдыгын белгиледи. Ирактын азыркы башкаруучу кеңеши, Аннандын баамында, бир топ эле өкүлчүлүктүү негизде куралган. Ошол эле учурда кээ бир күчтөрдү, айрыкча арап улутчулдары жана шийиттердин айрым лидерлери бул органга тартылса дурус болмок.

Кошмо Штаттарынын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Жон Негропонте жаңы резолюция эмдиги айдын этегинде Мадридде өтө турган эл аралык донорлордун конференциясына чейин кабыл алынат деген ишеничин билдирди. Reutersтин маалыматтарына ылайык, Мадридде жыйынга чогулгандарга Иракты кайра тикелөө программасына алдыдагы төрт жылда 35 миллиард доллар каражат жыйноо сунуш кылынат. Мындай сумма Бүткүлдүйнөлүк банктын, эл аралык валюта фондусунун жана ООНдун эсептерине негизденген.

Азырынча ООН өзүнүн Ирактагы персоналын кыскартууда. Августта алардын саны алты жүздөй кишиге жеткен эле. Эми болгону отуздай адам калды. Иракта болсо коалициялык аскерлерге кол салуу акциялары дээрлик күн сайын уланууда. Шаршембиге караган түнү эле америкалыктар үч жоокерин жоготту, дагы төртөө жарадар болду.
XS
SM
MD
LG