Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:23

Кыргызстандын Орусиядагы эмгек мигранттарынын укуктары кеңейди


БИШКЕК. Расмий маалымат боюнча Орусияда кыргызстандык 80 миң эмгек мигранты бар. Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, алардын саны 300 миңге чамалап барат. Бул тууралуу маалымат Тышкы иштер министрлигинде өткөн басма сөз жыйынында айтылды. Тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиеванын билдиргенине караганда, кыргызстандык мигранттар жыш жайгашкан аймактардагы шаарларда дипломатиялык кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Маселен, Тышкы иштер министрлиги өз каражатынын эсебинен Екатеринбургдагы башкы консулдуктагы кызмат орундарын кеңейтүүнү, ага ылайык Новосибирск, Красноярск, Самара шаарларында бөлүмдөрдү ачууну чечти. Мындай мүмкүнчүлүк Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Орусиянын Федералдык миграция кызматынын ортосунда кол коюлган протоколдо каралган. Москвада кол коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG