Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:20

АКАЕВДИН МУРАСКЕРЛЕРИ, ЖАРДАМЫН АЯНБАГАН АКШ, КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Кыргызстанда 2-октябрда чыккан басылмаларда президент Аскар Акаевдин 12 жылдагы ишмердүүлүгү, келерки президенттик шайлоодо кимдер мураскери болушу мүмкүн экендиги жана өлкөнүн жергиликтүү журналистикасынын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү макалаларга орун берилди.

2-октябрда «Общественный рейтинг» жумалыгынын жаңы саны жарык көрдү. Гезит окурмандарынын пикирине таянып, өлкөдөгү 100 саясатчынын рейтинги жарыяланды. Анда «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун рейтинги дагы жогорулаганы көрсөтүлүп, ал Аскар Акаевден кийинки экинчи орунда стабилдүү келатканы белгиленет.

Бул басылманын баяндамачысы Болотбек Мариповдун суроолоруна АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг жооп берет. Элчи мырзанын айтканына караганда, Кыргызстанга АКШ 700 млн. доллар өлчөмүндө жардам берген жана мындан ары да көмөк көрсөтөт.

Бул гезитте президент Аскар Акаевдин 12 жылдагы ишмердүүлүгүн талдоого алган саясат изилдөөчү Сыргак Абдылдаевдин макаласы жарык көрдү. Мында президенттин өлкө үчүн жасаган оң жана терс иштери тууралуу сөз болот. Келерки президенттик шайлоодо азыркы мамлекет башчысы «мураскер» кыла тургандардын арасында биринчи кезекте Коопсуздук Кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов менен вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин аттары аталат. С.Абдылдаевдин божомолуна караганда, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Калык Иманкулов менен Нарын облусунун губернатору Аскар Салымбеков да «мураскер» болушу мүмкүн.

2-октябрдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 58-сессиясында сүйлөгөн президент А.Акаевдин сөзүн жарыкка чыгарды. Анда Кыргызстандагы реформалардын жүрүшү, адам укуктарынын урматталышы, жакырчылыкка каршы улуттук программанын ийгиликтүү жүрүп жаткандыгы, кичи жана орто бизнес өнүгүп келатканы, бул үчүн БУУнун дагы колдоосу зарыл экендиги айтылат.

2-октябрда «Трибуна» гезитинин кезектеги саны окурмандарга жетти. Анда Борбор Азия журналисттеринин сентябрда болгон V-конференциясы, «Аалам» басылмасы жана укук коргоочу Турсунбек Акун менен соттошкон Мелис Эшимканов тууралуу макалалар басылды. Ошондой эле Лейла Саралаеванын жергиликтүү журналистиканын өзгөчөлүктөрүн талдоого алган макаласы жарык көрдү.

3-октябрда чыкканы жаткан «Аалам» басылмасында Кубанычбек Сейдалиев Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Акылбек Жапаров менен маектешет. Анда «Өнүгүүнүн комплекстүү негиздери» программасынын талаптарын өкмөт аткарбай, Эл аралык Валюта Фондунун алдында Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон сунуштар менен чыга албай жаткандыгы айтылат.

3-октябрда басууга даярдалып жаткан «Кыргыз руху» басылмасында кабарчы Калил Жамгырчиевдин «НАТОнун Чыгышка экспанциясы башталды» деген макаласы басылганы турат. «Терроризмге, баңгиликке каршы жана «массалык кыргын түшүрүүчү куралдарды издеп табуу» деген шылтоолорго жамынып, Америка Азияга таасирин күчөтүүдө. НАТОнун артында турган АКШ Азиядагы уйкуда жаткан, эң күчтүү Кытай деген ажыдаар ойгонгончо бул аймактагы таасирин бекемдеп алууга умтулууда. Экинчи коркунуч - мусулман мамлекеттеринин ынтымагын ыдыратып, экономикасын начарлатып, биримдигине жарака кетирүүдө», деп жазат автор.

«Кыргыз рухунун» баяндамачысы Нурлан Мотуев Наркас Муллажановдун өлкөдөгү өзбектерге автономия берүү тууралуу оюна каршы болуп, «акыркы кыргыз калганча башка бирөөнө да автономия бербейбиз» деп белгилейт.

3-октябрда жарык көрчү «Агым» басылмасынын «Жолбүгүн» рубрикасында Алым Токтомушев азыркы оппозициянын алсыздыгы жана кемчиликтери жөнүндө сөз кылат.

Бул гезит өлкөдөгү белгилүү саясатчылар кийинки президенттик жана парламенттик шайлоолорго кандай кызыкчылык көздөп баратканы туурасында Түгөлбай Казаковдун ой толгоолорун жарыялаганы турат.

«Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов боюнча журналист Мамат Сабыровдун ой-пикири да «Агымда» жарыяланганы жатат.

3-октябрда чыга турган «Бишкек таймс» басылмасында кандай макалалар орун алып жаткандыгы тууралуу гезиттин башкы редакторунун орун басары Эмилбек Момунов буларды билдирди:

- Гезитибиздин бул санында өкмөттүн кайсы мекемелерге канча каражат бөлүп, алар кандай максаттарга жумшалганы жөнүндө сөз болот. Өкмөттүн Бишкектин базарларында кассалык аппарат орнотуу жөнүндөгү буйругуна базарчылардын каршылыгы тууралуу макала чыкканы жатат. Азыркы учурда балдардын арасында өз жанын өзү кыйган учурлар көбөйүп жатат. Ошонун себептерин талдоого алган макаланы да окуй аласыздар.

3-октябрда чыга турган «Заман Кыргызстан» жумалыгы Аскар Акаевдин келерки мөөнөттө президент болушу же болбошу туурасында саясатчылардын кайчы пикирлерин жарыялаганы турат.

Бул жолу Абдыкерим Муратовдун баяндамасы казак-кыргыз мамилесинин курчушуна, Көлдөгү эс алуучу жайлардын тегерегиндеги талаш-тартыштарга арналат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG