Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Чечен согушкерлери куралдуу каршылык көрсөтүүсүн токтотпойт


МОСКВА. Чеченстандын мыйзамдуу шайланган акыркы президенти Аслан Масхадов оккупанттар кетмейинче орус аскерлерине куралдуу каршылык көрсөтүү басылбай турганын билдирди. Орусиянын “Новая Газетасына” берген интервьюсунда Масхадов Чеченстандын эгемендүүлүгүн коргоо өзүнүн "конституциялык милдети" экенин билдирди. Масхадов 1997-жылы Чеченстандын мамлекет башчысы болуп шайланган жана бул шайлоо эл аралык уюмдар тарабынан расмий таанылган болучу. 1999- жылы орусиялык аскерлер Чеченстанга кайрадан киргенден баштап, Масхадов каршылык көрсөтүү аракеттерин жетектеп келатат. Масхадов ушул жекшембиде Чеченстанда Москванын көрсөтмөсү боюнча өткөрүлө турган президенттик шайлоону мыйзамсыз деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG