Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Хамид Карзай келерки жылы боло турган президенттик шайлоодо ат салышат


КАБУЛ. Ооганстандын лидери Хамид Карзай келерки жылы өтө турган президенттик шайлоодо ат салыша турганын жана ал максатта өзүнүн саясий партиясын негиздей турганын билдирди. БИ-би-сиге берген интервьюсунда Карзай саясий партиялар жөнүндөгү жаңы мыйзам аскерий адамдардын саясатка катышуусуна жол бербей турганын билдирди. Ошону менен бирге жаңы мыйзамга ылайык, саясий партияларга жеке өзүнүн аскердик бөлүктөрүн уюштурганга тыйуу салынат. Ооганстандагы президенттик шайлоо 2004- жылдын июль айына белгиленген.

XS
SM
MD
LG