Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

ЧЕК АРАЧЫЛАР КОЙ-ЭЧКИ БАГЫШУУДА


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстандын Чек ара кызматы президенттин буйругу менен былтыр түзүлгөн. Буга чейин Түркия, АКШ жана Орусия өңдүү мамлекеттерден чек араны бекемдөөгө бир топ жардам берилди. 2-октябрда АКШнын Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын кол башчысы генерал-майор Жон Прендергаст менен Кыргызстандын Чек ара кызматынын штаб башчысы Нуридин Чомоев жолукту.

Орусия өзүнүн чек арачыларын алып чыгып кеткенде эле өз алдынча оокат кыла баштаган Кыргызстандын мойнуна оор милдет жүктөлгөн. Кытай тараптагы чек араны өз колуна алууга адистер жана каражат керек эле. 1999- жана 2000-жылдары кайталанган Баткен окуясы Кыргызстанга чоң сабак болуп калды. Террорчулар эки жыл катар бүлүк салгандан кийин гана Кыргызстандын жетекчилиги чек ара кызматын күчөттү. СССР тарагандан кийин Тажикстан менен Өзбекстан тарапка чек арачылар коюлду. Мындан төрт жыл мурда эле Тажикстан тарапка чек арачылар коюлган болсо, балким куралдуу топтор даай албайт беле, ким билет. Генерал-лейтенант Нуридин Чомоевдин айтымында:

- Мурда Тажикстан жана Өзбекстан жак ачык болчу. Ошондуктан үч жыл мурда куралчан топтор Ооганстандан ээн-эркин кирип келишкен. Эми Чек ара кызматы турат. Биздин жигиттер эч кимди киргизбейт. Элге айтаар элем: чочулабай тынч уктай берсеңер болот.

Генерал Н. Чомоев белгилегендей, Чек ара кызматын жогорку деңгээлде жабдууга жана жакшы бакканга Кыргызстандын чамасы чектелүү. Ошондуктан колунда бар мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын жардамына муктажбыз. Генерал Н. Чомоевдин пикиринде, чоң мамлекеттердин жардамын пайдалануу менен чек ара бекеттерин эл аралык деңгээлге жеткирип алышыбыз керек.

Эң негизгиси - акчадан мурун Чек ара кызматы кадрларга муктаж. Орусиянын мыкты адистери мекенине кайтып кетишти. Ал эми өзүбүздүн адистер деле жакшыраак жашоону тандап, Орусиянын Федералдык чек ара кызматында иштеп алышкан. Ириде окутуу жагын колго алган оң. Бишкекте азыр Монтана штатынын Улуттук гвардиясынын кол башчысы жүрөт. Генерал Жон Прендергасттын айтымында, Кошмо Штаттар биздин чек арачыларга адистерди даярдоо жагынан чоң жардам кылып атышат. АКШнын өкүлү П. Ганси атындагы авиабазаны жайгаштырып койгон кыргызстандыктарга абдан ыраазы экен. «Бул авиабаза биз үчүн абдан маанилүү», деди генерал. Ал эми АКШнын куралдуу күчтөрү качан үйүнө кайтаары тууралуу мындай дейт:

- Бул маселени АКШнын президенти гана чечет. Анын үстүнө бул коомчулукка ачык айтылбай турган жашыруун маселе да.

Ал Борбор Азиядагы коопсуздук маселеси тууралуу сүйлөшүүдөн баш тартты. «Анда кандайдыр-бир жашыруун маалыматтар айтылып кетиши ыктымал» дейт.

Жакынкы күндөрү эле кол коюлган келишимдер боюнча Чек ара кызматына 2 млн. доллардан ашык жардам келмекчи. Бул жардам эң оболу адистерди окутууга жана жабдууга жумшалат. Ал эми генерал Н.Чомоевдин айтымында, бүгүнкү күндө чек арачылар үчүн азыр эң оор аймак Тажикстан тарап болууда:

- Азыр чек арачылар үчүн эң оор жагы Тажикстан тарап болуп тат. Ал жакта эң бийик аскалар, ашуулар бар. Эл аралык террордук топтор, ар кандай бандиттер жана баңгизат ташыгандар жайкысын ошол ашуулар аркылуу жашырынып өтүп келгенге аракет кылышат.

Генерал «чек ара кайтарган жигиттерибиздин курсагы ток» деп ырастады. Ал эми чек ара бекеттериндегилер болсо картошка айдап, мал багып атышат. Анын айтымында, чек арачылар бош убактыларында огороддогу помидор, картошка ж.б. жашылча-жемиштерди багышат. Ал чек ара бекеттеринде багылып аткан кой-эчкилер айрыкча алыскы заставалар үчүн даяр эт-аш болуп атканын ырастады.

Чек арачылардын мал багып, көмөкчү чарба ачканы тээ Ленин заманыдан бери келаткан тажрыйба. СССРден калган жөрөлгөнү улантыш үчүн кыргыз өкмөтү былтыр буга 3 млн. сом акча бөлгөн.

XS
SM
MD
LG