Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Вашингтон сунуш кылган Ирак боюнча жаңы резолюция долбоорун Улуттар Уюмунун баш катчысы, Орусия, Германия жана Франция сынга алышты


Долбоорду бейшембиде Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши жабык эшик артында талкуулап баштаган. Талкуу маалында БУУнун башкы катчысы Кофи Аннан анда Ирактагы бийликти тез арада ирактыктарга өткөрүп берүү каралбаганын айтса, Орусия, Германия жана Франциянын өкүлдөрү Бириккен Улуттар уюмуна 2-маанидеги роль ыйгарылып калганына нааразычылыгын билдиришти. АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтон бардык бийликти Ирактын элине тез арада өткөрүп берүүнү каалайт, бирок, азырынча, Америка жетектеген коалициялык администрациянын көзөмөлү сакталып турушу керек деп белгиледи. "Биз өтө аяр, жоопкерчиликтүү мамиле жасап, өзүбүздөн кийин Иракта башаламандыкты эмес, гүлдөп бараткан мамлекетти калтырууга милдеттүүбүз. Бул иш – көптөгөн каражатты жана азырынча Коалициялык убактылуу администрация сакталып турушун талап кылат", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG