Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Франция Ирак боюнча резолюциянын жаңы долбооруна каршы чыкты


Париж документке мурда айтылган сунуштар киргизилген эмес деп эсептейт. Мунун алдында Россиянын президенти Владимир Путин Москвада өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумда сөз сүйлөп, ООНдун коопсуздук кеңешинин чечими Ирактагы кайра куруу иштерине катышканга эл аралык коомчулукка кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача тургандыгын белгилеген эле. Резолюциянын америкалык өнөктөштөр даярдаган долбоору бизди азырынча алымсындырбайт, деп айтты Путин. Ошону менен бирге ал бу маселеде америкалыктардын мунасага келгенге ыкыласы бар экенин да кошумчалады. Долбоордогу жаңы түзөтүүлөрдү кечээ ООНдун баш катчысы Кофи Аннан, ошондой эле Германиянын өкүлдөрү да сынга алышкан эле.

XS
SM
MD
LG