Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

ПРЕЗИДЕНТ А.АКАЕВ БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНДА СҮЙЛӨДҮ


Кыргыз президенти Аскар Акаев 2-октябрда Бириккен Улуттар Уюму-БУУнун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөдү. Ал БУУ өз вазийпасын аткарып бүттү деген айрым пикирлерди четке кагып, глобалдык, регионалдык, ал түгүл улуттук деңгээлдеги маселелерди чечүүдө уюм чоң эмгек жасап жатканын айтты. Ошондой эле, Кыргыз жетекчилиги коррупция менен жакырчылыкты азайтуу үчүн талыбай аракеттенип жатканын белгилеп, байдөөлөт өлкөлөрдү кедейликке каршы күрөштө жардамын аябоого чакырды.

Бул Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевдин БУУнун Башкы Ассамблеясында экинчи ирет сүйлөөсү. Акаев Нью-Йоркко былтыр келгенде, Улуттар Уюмунан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын майрамдоого эл аралык макам берүүнү таанууну сурап, өтүнүч канаатандырылган болчу. Ал үчүн кыргыз мамлекет башчысы шаршемби күнү БУУга алкышын айтты:

- БУУнун Башкы Ассамблеясынын тийшитүү резолюциясы биздин элдин улуттук рухун зор күч менен көтөрдү.

Акаев БУУ өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланып бүттү деген кеп-сөзгө да токтолду:

- Мындай идеялар дүйнө коомчулугунун кызыкчылыктарына туура келбейт деп эсептейм. Бирок, мындай талаш-тартыштын болгонунда жаман эч нерсе жок. Бул БУУ аз эмес салымын кошкон демократиянын бир көрүнүшү.

Мамлекет башчы демократиянын бир мамлекеттин чегинде өнүгүүсү көз караштардын күрөшү, бийликтерди сындоо менен коштолот, бирок БУУнун тегерегиндеги тартыш, анын ролун төмөндөтүүгө багытталган деп эскертти жана андан чыгуунун жолун да көрсөттү:

- Саясый тажрыйбадан маалым болгондой, карама-каршылыктардан чыгуунун эң үзүрлүү жолу-мунаса издөө.

Докладчы Ирак проблемасында бул усул колдонуп жатканына жыйы катышуучуларынын көңүлүн бурду.

Президент Акаев 13,5 мүнөттүк сөзүндө Кыргызстанды түйшөлткөн маселелерге да учкай кайрылып өттү. Республикада демократия жарянын тереңдетүү максатында Демократиялык кодекс иштелип чыгып, Демократиянын коопсуздугу боюнча коомдук кеңеш түзүлдү. Жаңы Конституция жана жогорудагы иштер өлкөдө демократиянын өнүгүшүнө күчтүү дем берди деп белгиледи ал.

Аскар Акаев өлкө жетекчилиги башкаруунун деңгээлин жакшыртууга жана коррупцияны ооздуктоого көп көңүл бөлүп жатканын- Кыргызстандагы коррупциядан дареги жок мартабалуу адамдарга эл аралык трибунадан жарыя кылды.

- Биз адилеттүү, ачык, жооптуу башкарууга, коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугуна да чоң маани беребиз. Бул багыттагы ишти жана коомдо коррупцияга каршы маанайды күчөтүү үчүн быйыл мен Ак ниеттүү башкаруунун улуттук кеңешин түздүрдүм.

Кыргыз президентинин айтымында, өлкөнү ички мүмкүнчүлүктөргө таянып өнүктүрүүнү республика жетекчилиги өзүнүн башкы вазийпасы деп билет деп шарданалады Аскар Акаев:

- Кыргызстанда өз күчүнө таянуу башкы милдет катары коюлган.

Бирок, ал негедир жакырчылыкка каршы күрөштө Кыргызстан тышкы өлкөлөрдүн жардамысыз ийгиликке жетпесин эскертип туруп, байдөөлөт өлкөлөрдү көмөгүн аябаганга чакырды:

- Бирок бул маселени (жакырчылыкты) чечүүдө республика тышкы жардамсыз иш жүргүзө албайт. БУУнун бул тармактагы ролун жана жүргүзүп жаткан иш чараларын жогору баалоо менен, биз дүйнө коомчулугуна, өнүккөн мамлекеттерге кайра-кайра кайрылып, өнүгүү жолундагы өлкөлөрдөгү жакырчылыкты жоюуга берип жаткан жардамын азайтпоого чакырабыз.

Албетте, кыргыз президенти дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнөн келген мартабалуу коноктор алдында республикада жашаган адамдардын дээрлик теңинен көбү кедей-кембагалдар экенин чечмелеп айтпастан, жардылык Кыргызстан үчүн олуттуу маселе экенине ишаара гана кылды.

Улуттук статистика комитетинин төрагасы Зарылбек Кудабаев өткөн айда тастыктаган маалымат боюнча, өлкөдөгү калктын 44 проценти кедей, дагы 14 проценти өтө жарды жашайт. Өтө жардылар тобуна, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасына ылайык, жашоого каражаты жок жана эптеп наар татып жүргөн адамдар кирет.

Эгерде 1997-жылы кыргызстандыктардын 44 проценти кедей жана 15 проценти өтө кедей экенин айтсак, жакырчылыкка каршы күрөшүүдө жылыш болбогонун көрөбүз.

Мындай жагдай, эң оболу экономикадагы абалга байланыштуу. Өткөн 2002-жылы Кыргызстанда өндүрүлгөн ички дүң продукцияны жан башына бөлгөндө бир адамга 321 доллардан туура келет. Же бир күндө өлкөдөгү бир адамга 1 долларга же 42 сомго жетпеген продукция чыгарылган.

XS
SM
MD
LG