Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

А.Чотбаевге каршы сот иши 17-октябрда улантылмак болду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Улуттук гвардиянын колбашчысы Абдыгул Чотбаевге каршы берилген доо арыз боюнча алгачкы отурум болду. Сотко жоопкер тараптан ««Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезитинин 3 өкүлү, А. Чотбаевдин адвокаты жана доогер тараптан «Арнамыс» партиясынын 3 мүчөсү катышты. Отурумда сот ишке тиешелүү далилдерди топтоо зарылдыгын белгилеп, 17-октябрга чейин танапис жарыялады. Алгачкы отурумда гезиттин кызматкерлери интервью эчак алынгандыктан, тасмадагы жазуу өчүп калганын, жоопкер тараптагылар болсо А. Чотбаев өз маегинде «Арнамыс» партиясына айып такпаганын айтышты.
««Аргументы и факты» в Кыргызстане» гезитинин быйыл сентябрда чыккан санында Абдыгул Чотбаевдин маеги жарыяланган. Анда Улуттук гвардиянын колбашчысы ««Арнамыс» партиясы чет өлкөлөрдөн алган акчасын актоого аракет кылып атат» деген пикирин билдирген. Ага нааразы болгон «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү «А.Чотбаев жалган маалымат таратты» деп, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылышкан. Алар моралдык чыгым үчүн А. Чотбаевден 5 млн. сом, ал эми гезиттен 5 сом өндүрүп берүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG