Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Баткен гарнизондук аскер прокуратурасы өзбек чек арачысына каршы кылмыш ишин козгоду


БАТКЕН. Облустук акимчиликтен бүгүн алынган маалыматка караганда, быйыл 11-сентябрда Кадамжай районунун Алга айылынан чыга бериштеги Өзбекстандын чек ара бекетинде кыргыз атуулун сабап салган өзбек чек арачысынын аты-жөнү жакында такталды. Бул окуя боюнча Баткен гарнизонунун аскердик прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө аяктаган соң бардык материалдар Өзбекстандын Фергана облусунун аскердик прокуратурасына берилмекчи. Ал эми бул окуяга байланыштуу Баткен облусунун жетекчилиги Өзбекстандын Фергана облусунун акимчилигине 22-сентябрда жиберген катка эмдигиче эч кандай жооп келе элек. Ал катта чек арадагы окуянын күнөөкөрүнө карата тиешелүү чара көрүү талабы коюлган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG