Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Бишкекте кышка даярдык ойдогудай эмес


БИШКЕК. Калкты жылуулук менен камсыз кылууга жетиштүү даярдык көрүлбөй жатат. Бүгүнкү маалымат жыйынында Бишкек жылуулук энергетика борборунун башчысы Лев Васильев ушундай билдирүү жасады. Анын айтымында, азыркы учурда Бишкек ТЭЦинин кампаларына 255 872 тонна көмүр түшүрүлдү. Жалпысынан кышы бою калкты жылуулук менен камсыз кылыш үчүн Бишкек ТЭЦине 500 миң тонна көмүр талап кылынат. Буга чейин коңшу өлкөлөр менен 1,5 млн. тонна көмүргө келишим түзүлгөн. «Азырынча андан кандай натыйжа болоору белгисиз. Анткени быйыл коңшу өлкөлөр Кыргызстандан таза сууну аз алгандыктан, алар да бизге көмүрдү өз убагында бериши күмөн», - деп кошумчалады Лев Васильев. Анын маалыматына караганда, азыр Кыргызстандагы калктын электр энергиясы үчүн «Электрстанциялар» ишканасына карызы 2 млрд. 622 млн. сомду түзөт.
Абалдан чыгыш үчүн ишкана тарабынан электр энергиясын төлөбөгөн атуулдардын электр жарыгын өчүрө турган атайын топ түзүлдү. Ал күн сайын үч айга чейин электр акысын төлөбөгөн 100 атуулдун электр жарыгын өчүрө баштады. Бул тууралуу маалымат жыйынында «Бишкекэнергосбыт» ишканасынын жетекчиси Юрий Данилов билдирди.

XS
SM
MD
LG