Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

«Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү БУУнун имаратынын алдына пикетке чыгышты


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын мүчөлөрү кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу баш кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. Пикет президент Аскар Акаев Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында сөз сүйлөгөн учурга туура келди. «Арнамыстын» интернеттеги сайтында жарыяланган маалыматка караганда, пикетке саясий куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткен кыргызстандык атуулдар катышты. Алардын катарында «Арнамыстын» азыр абакта жаткан лидери Феликс Куловдун жубайы жана кызы бар. Партиянын сайтында «арнамысчылар» Кыргызстандагы укук бузууларга коомчулуктун көңүлүн буруп, Ф.Куловдун боштондугун талап кылышканы жазылган.

XS
SM
MD
LG