Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

УЛУТТАР УЮМУ: ИРАК БОЮНЧА РЕЗОЛЮЦИЯНЫН ДОЛБООРУ КӨПЧҮЛҮКТҮ ЫНАНДЫРГАН ЖОК


Баян Жумакадыр кызы, Прага 2-октябрда АКШ Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин кароосуна Ирак боюнча жаңы резолюция долбоорун сунуш кылды. Бирок Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Орусия, Франция жана Германия резолюция долборуна ынанышкан жок. Ушундай эле пикирин Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанда билдирди.

АКШ сунуш кылган резолюция долбоорунда бийликти бара-бара Ирак өкмөтүнө өткөрүп берүү каралган. Бирок анын жана өлкөдө эркин шайлоо өткөрүүнүн так мөөнөтү белгиленбегендиктен, Иракты башкаруу АКШ баштаган оккупациялык күчтөрдүн колунда дагы белгисиз убакытка кала бермекчи. Ошондой эле, резолюция долбоорунда өлкөдөгү процессттерди ишке ашырууда Улуттар Уюмунун ролу жогорулашы керек деген чакырык бар, бирок БУУга конкреттүү вазыйпаны ыйгарбаган бул чакырык эч нерсе деле өзгөртбөйт. Өлкөдөгү саясий жана экономикалык процессттерге АКШ баштаган администрация башчылык кыла берет.

Резолюциянын долбоору менен таанышып чыккан БУУнун баш катчысы Кофи Аннан Коопсуздук Кеңешине мүчө 15 өлкөнүн элчилери менен чогуу тамактануу учурунда: "Резолюция долбору мен сунуш кылгандай өзгөртүлбөптүр. Бирок мен документти дагы жакшылап карап чыгам",- деп билдирген. Беймаалым калуунун каалаган элчилердин бири Аннандын:

"Документте Улуттар Уюму менен оккупациялык коалициянын ролдору таасын ажыратылбастан, бүдөмүк бойдон калган. Ирактагы процесстерге же оккупациялык коалиция, же Улуттар Уюму башчылык кылуу керек. Бирок Ирактын убактылуу өкмөтү тез арада түзүлүп, экономика менен саясатка байланышкан баардык маселелер өкмөт тарабынан чечиле баштаса баарынан жакшы болмок. Дүйнөлүк уюм анда Ирактын өкмөтүнө Конституцияны иштеп чыкканга жана жаңы шайлоого даярдык көргөнгө жардам бермек", - деп айткандарын келтирүүдө.

Аннандын көз карашында, бул Ирактагы кайра курууну каржылоону оңойлотуп ыкчамдатмак. Иракка жардам берүүнү каалаган өлкөлөр бүгүн бар эртең жок болчу чет элдик оккупациялык администрация менен эмес, Ирак өкмөтү менен тикелей иш жүргүзүшмөк дейт Аннан.

Уюмга Ирактагы процессттерди башкаруу вазыйпасы ыйгарылбаганына терең нааразы болгон Аннандын кескин пикирин дипломаттардын бири: "Баш катчынын бул сөздөрү биздин үстүбүзгө муздак суу сееп, чыйралткандай эле болду", - деп сыпаттаган.

Ирактагы согушка каршы чыгышкан Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү Германия, Франция жана Орусия Аннандын Ирактын күнкорсуздугун калыбына келтирүү жана бийликти тез арада Ирак өкмөтүнө берүү жөнүндөгү чакырыгын кубаттап чыгышты. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Вильпен бийликти ушул жылдын соңуна чейин ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү керек деп эсептейт.

Резолюция боюнча бейшемби күнү өткөн алгачкы талкууларда АКШнын уюмдагы элчиси Жон Негропонте оппоненттердин пикирлерине жооп кайтарып, айрым дооматтарды четке какканга аракеттенди:

- Биз резолюциянын оңдолгон долборунда Улуттар Уюмунун ролу, айрыкча саясий кайра куруудагы ролу кеңейтилгенин даана чагылдырдык.

Андан сырткаары Негропонте оппоненттердин Ирактын эгемендүүлүгүн калыбына келтирүү керек деген пикирлерин артыкбаш деп эсептейт:

- Ирактын күнкорсуздугудеген түшүнүк Ирак мамлекеттүүлүгү деген түшүнүк менен барабар. Ошон үчүн биз долбоордо күнкорсуздук жөнүндө эмес, Ирак өкмөтүнүн өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерин аткарууга качан киришээри туурасында сөз кылуубуз керек.

АКШ жетекчилигинин суверендүүлүк маселесине мындай үстүртөн мамиле кылышы Коопсуздук Кеңешин да, Ирактын башкаруучу кеңешин да ынандырбайт. Ирактын башкаруучу кеңеши өлкөдө тез арада убактылуу өкмөт түзүлүп, өлкөнүн суверендүүлүгүн иш жүзүндө кепилдей турган Конституция кабыл алынып, анын негизинде эркин демократиялык шайлоону өткөрүүнү талап кылууда.

АКШ резолюциянын долборун ары дегенде 23-октябрга чейин, Ирак боюнча эл аралык донорлордун конференциясы башталганга чейин бекиттирип алууну көздөйт. Мадридде өтө турган бул конференцияда Кошмо Штаттар Иракты калыбына келтирүү үчүн ири финансылык каражаттарды топтогонго үмүттөнөт. Бирок бейшембидеги алгачкы талкуу Коопсуздук Кеңешинин ичинде резолюция боюнча кескин пикир келишпестиктер бар экенин дагы бир жолу бышыктады. Анан калса Иракта жок дегенде убактылуу өкмөт түзүлмөйүнчө донорлор капчыктарын ача коёору да өтө күмөн. Ошон үчүн байкоочулар, АКШ оппоненттердин талабына моюн сунуп, долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизгенге мажбур болот дешет.

XS
SM
MD
LG