Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:15

Иранда өткөн айда Британиянын элчилигине ок ачкан деген шек боюнча бир нече адам камакка алынды


ИРНА кабар агенттиги өлкөнүн чалгындоо министрлигинин маалыматына таянып, Британиянын элчилигине кол салгандар камакка алынып, алардын ысымдары такталганын жарыялады. Кабарда канча киши жана кандай жагдайда колго түшүрүлгөнү так айтылбайт. Күбөлөрдүн айтымында, сентябрда Тегерандагы британ элчилигин эки тараптан үч киши аткылаган. Адамдар жабыр тартпаган бул окуя – Британ бийликтери 1994-жылы Аргентинадагы жөөт борборунда болгон жардырууга тиешеси бар деген шек боюнча ирандык дипломатты камакка алгандан көп өтпөй орун алган.


Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG