Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:57

Америкалык жетекчилик Азербайжандын ички ишине кийлигишпейт


Вашингтон Азербайжандын президенти Гейдар Алиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартып, өз уулун "саясий мураскору" деп атаганын мамлекеттин ички иши деп эсептейт. Бул тууралуу кечээ Вашингтондо өткөн пресс-конференцияда мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Боучер маалымдады. "Президент Алиевдин шайлоодон баш тартканы – Азербайжандын ички иши. Биз 15-октябрда Азербайжанда өтө турган президенттик шайлоо калыс, эркин, ЕККУнун стандарттарына ылайык өтүшүн күтөбүз", - деди Боучер. Жума күнү Гейдар Алиевдин уулу, Азербайжандын премьер-министри Илхам Алиев алдыдагы шайлоодо жеңээрине ишенип турганын айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG