Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Грузиянын көпчүлүк бөлүгү электр энергиясыз калды


ТБИЛИСИ. Грузиянын көпчүлүк бөлүгү кайрадан электр энергиясыз калды. Тбилисиде электр кубаты өтө маанилүү объекттерге жана шаардын борбор чөлкөмдөрүнө гана берилип жатат. Грузиялык энергетиктер электр энергиянын таңсыктыгын Ингур ГЭСинде электр кубатын өндүрүү кыскарганы менен түшүндүрүшөт. Грузиядан де-факто көз караандысыз болуп калган Абхазия ишкананын өндүрүшүн кыскартуу чечимин Грузия менен макулдашпай туруп кабыл алган. Абхазия бул чечимин электр станциянын суу сактагычындагы суунун көлөмү азайгандыгы менен түшүндүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG