Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

Иракта коалициялык аскерлердин огунан эки ирактык жаран курман болуп, бир нечеси жараат алды


БАГДАД. Бүгүн Багадда жана Басра шаарларында мурдагы Ирак армиясынын жоокерлери менен Америка баштаган коалициялык аскерлердин ортосунда кагылышуу болду. Багдадда демонстранттар америкалык солдаттарга таш ыргытып, аскерлердин жооп огуна кабылышкан. Багдад госпиталынын бир дарыгери андан бир демонстрант курман болгондугун жана бир нече киши жараат алганын билдирет. Басрада болсо британиялык солдаттын огунан бир ирактык жаран курман болду. АКШнын аскердик өкүлү ушундай эле наарызылык акциясы Хилла шаарында тутанганын билдирет. Таратылган Ирак армиясынын мурдагы солдаттары армия таратылганга чейинки бир нече айдын маяналарын төлөп берүүнү талап кылышкан.

XS
SM
MD
LG