Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Freedom House бийлик менен басма сөздүн мамилесин талкуулайт


БИШКЕК. Эл аралык Freedom House уюмунун Бишкек өкүлчүлүгү 8-октябрда Бишкекте «Бийлик жана басма сөз» деген аталышта «тегерек үстөл» талкуусун өткөрүүнү көздөп жатат. Жыйында саясат жана анын укуктук өңүттөрү, соттук териштирүүлөр, көз карандысыз Басма үйүнүн долбоорунун аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланат. «Тегерек үстөлгө» кыргыз өкмөтүнүн, парламенттин, маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү катышаары күтүлүүдө. Freedom House уюмунун Бишкек кеңсесинин билдиришинче, жыйынга АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янгдын катышаары болжолдонуп жатат.

XS
SM
MD
LG