Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:09

ЕККУ адам укуктарына арналган жылдык жыйынын өткөрөт


БИШКЕК. 6-17-октябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Варшавада адам укуктарына жана эркиндиктерине арналган жылдык жыйынын өткөрөт. Жыйындын күн тартибине демократиялык принциптердин аткарылышына, сөз жана ишеним эркиндиктерине, баңгизаттардын соодасына, качкындарга, түрмөдөгү адамдардын укуктарына байланышкан 12 маселе кирген. Жыйынга Кыргызстандан 1-вице премьер-министр Курманбек Осмонов, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров, Бишкек шаарынын прокурору Өмүрбек Кутуев, элчи Аликбек Жекшенкулов, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Токтайым Үмөталиева, Эдил Байсалов, Качкын Булатов, Рамазан Дырылдаев, Болот Тыналиев, «МСН» гезитинин редактору Александр Ким жана «Пирамида» телекомпаниясынын кабарчысы Александр Кулинскийдин катышуусу күтүлүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG