Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО


Айданбек Акмат уулу, Прага 5-октябрда Чеченстанда президенттик шайлоо өткөрүлөт. Кремль бул шайлоону жумуруяттагы чатакты саясий жол менен жөнгөрүү катары карап жатат. Москва өзү колдогон талапкери Ахмад Кадыровго жеңишти камсыз кылуу үчүн, ага атаандаш боло ала турган күчтүү талапкерлердин шайлоодон ар кандай жолдор менен четтеткен.

5-октябрдагы шайлоого Кремль жыл башында даярдык көрө баштаган. Мына ошол даярдыктын алкагында март айында Чеченстандын конституциясын кабыл алуу боюнча референдум өткөрүлгөн. Андан кийин президенттик шайлоонун мөөнөтү белгиленген.

Референдумдан кийин Чеченстанда тынчтык орноп калган жок. Можахеддер тарабынан бир катар кыйраткыч жардыруулар уюштурулуп, согуштук аракет токтогон жок. Шайлоонун алдында да Чеченстанда федералдык күчтөргө, жергиликтүү милиция күчтөрүнө кол салуулар уланууда. Маселен, ушул жумада Шали районунун админстрация башчысын белгисиз бирөөлөр уулу менен кошо атып кетти. Чечен можахеддеринин сайтынын маалыматы боюнча, акыркы жумада федералдык күчтөрдүн жоготуусу 100 аскерден ашык болду. Жумуруяттагы абалдын турукташпаганын миңдеген качкындардын Чеченстанга кайтпай турганы да далилдеп турат.

Адам укугун коргоочу уюмдар мына ушундай шартта шайлоо өткөрүүнү “фарс” деп аташууда. Чечен саясат иликтөөчүсү Юрий Ханзиндин шайлоо тууралуу пикири мындай болду:

- Чеченстан басып алынган. Көптөгөн адамдар жумуруяттан чыгып кетишкен. Бир топ бөлүгү өлүштү. Айылдар талкаланган. Бул жерде өнөр жай, соода жок. Нормалдуу экономика, коомдук саясий турмуш жок. Бул шайлоонун максаты Чеченстандагы аскерий режимге мыйзамдык форма берүү.

Анын айтымында, мындай шартта адилет шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес. Жумуруяттагы сурамжылоолорго караганда, калктын 69% шайлоонун акыйкат жана адилет болушуна ишенбейт.

Бирок жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгы Кремль каалагандай болооруна эч ким деле шекшинбейт. Ал үчүн Ахмад Кадыровго олуттуу атаандаш боло ала турган Асланбек Аслаханов, Малик Сайдуллаев жана Руслан Хасбулатов сыяктуу белгилүү инсандар шайлоодон эртелеп четтетилишкен. Кремль Ахмад Кадыровду колдоп жатат деген билдирүүлөрдү четке кагууда. Бирок Орусиянын телеканалдары жана башка маалымат каражаттары бир гана Кадыровду көрсөтүп, ошонун ишмердүүлүгүн чагылдырууда.

Чечен калкы азыркы учурда үч-төрт оттун ортосуда калган кези. Бир жагынан федералдык күчтөр, экинчи жагынан кадыровчулар, үчүнчү жагынан можахеддер жана төртүнчү тараптан согуш маалында өсүп жетилген, эч кимге баш ийбеген, өздөрүн “жаш бөрүлөр” деп атаган топтор каалаганын жасашат. Мына ушул каршылашкан топтордун аракетинен жүздөгөн адамдар дайынсыз жоголуп, киши өлтүрүүлөр күн сайын орун алууда. Акыркы кезде эл кадыровчулардан катуу запкы жеп, нааразылыгын ачык айтуудан коркуп калган дейт чечен журналисти Рустам Калиев:

- Элде азыркыдай коркуп-чочуучулук эч качан болгон эмес. Адамдар чечен админстрациясынын ишине нааразылыгын шыбырап гана айтып калды. Алар Ахмад Кадыровдун чечен президенти болоруна бөркүндөй эле ишенип турат. Бул жакшыбы, же жаманбы – ал башка маселе. Бирок чечендер муну боло турган нерсе катары кабыл алышууда.

Чеченстандагы шайлоону адам укугун коргоо уюмдары кескин сынга алышууда. Алар согуш жүрүп жаткан шартта акыйкат жана адилет шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп эсептешүүдө. Мына ошол себептен жана коопсуздугу камсыз болбогондуктан алар шайлоого байкоочуларын жиберүүдөн баш тартышкан. Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюму, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы да мына ушул себептерден байкоочуларын жиберүүдөн баш тартты. Бирок Ислам Конференциясы Уюму, орус президентинин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясы жана КМШ мамлекеттеринен байкоочулар келип, жекшембидеги Чеченстандагы добуш берүүгө байкоо салмакчы.
XS
SM
MD
LG