Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:54

ОРУС ГЕЗИТТЕРИНИН ЖУМУРИЯТ ТАРЫХЫНА БОЛГОН КӨЗ-КАРАШТАРЫ ТҮРДҮҮЧӨ


Төрөкул Дооров, Москва «Россия он жылдык тарыхына көз чаптырууда, Чеченстан эртең өз президентин тандайт, россиялык улутчулдар алты жашар тажик кызын өлтүрүп кетишти». Өтүп бараткан жумада россиялык басма сөз беттеринде берилген негизги темалар ушулар.

«Мындан он жыл мурда 1993-жылдын 21-сентябрында Россия президенти Борис Ельцин Жогорку Кеңештин имаратын бошотуу жөнүндөгү жарлыгын кабыл алат. Ушундан тарта эки жумага созулган тирешүү акыр аягында Ак Үйгө жасалган чабуул жана союз мезгилинен тарта иштеп келген парламенттин толугу менен өзгөрүлүүсүнө алып келди. Андан соң өлкөнүн Баш мыйзамынын кайрадан кабыл алынуусу орус саясий мейкиндигин түп тамырынан бери өзгөрттү», - деп жазат «Политком.ру» басылмасы.

Ал эми «Известия» гезитинин жазышынча, «Он жыл мурда 4-октябрь күнү Россияда парламент менен президенттин ортосундагы тирешүүгө чекит коюлуп, өлкө граждандык согуштан куткарылган». Бүгүн ошол каргашалуу окуяга кайрылышкан көптөгөн орус гезиттери ага ушундайча баа беришүүдө. Анткен менен окуянын башкы күнөөкөрлөрү: бир тарапта президент Борис Ельцин, ал эми экинчи тарапта ошол кездеги вице-президент Александр Руцкой менен Жогорку Кеңештин төрагасы Руслан Хасбулатовдун иш-аракеттерине айтылып жаткан көз караштар эки түрдүү.

Мисалы, «Политком.ру» «Коом пикири» корунун социологиялык иликтөөлөрүнүн жыйынтыктарына таянып, арадан он жыл өткөн соң, бүгүн орус коомчулугунун көпчүлүк бөлүгү (27%) ошол кезде Ельциндин парламентти аткылоо жөнүндөгү каардуу буйругу туура эмес болгондугун, чындык парламент тарабында калган деп эсептешээрин жазат.

Ал эми «Известия», «Московский комсомолец» гезиттери маселеге карата башкача пикирди карманышат. Алар жазышкандай, «ошол кезде Ельцин тарабынан өлкөдө төңкөрүштүн алдын алуу үчүн чечкиндүү кадамдар талап кылынган». Макала авторлорунун ишениминде, «Президенттин чечимдери көп учурда Конституция нормаларына каршы келгени менен, ал туура жыйынтык чыгарды».

Ошол учурда Руцкойдун жакын жардамчысы болгон россиялык политолог Андрей Федоровдун айтымында, Ельцин менен Руцкой ортосундагы саясий тирешүүнүн күчөшүнө алардын алакаларындагы жеке жактырбоочулук да таасирин берди:

- 1-сентябрь күнү Руцкойду Кремлге, анын жумуш ордуна кийирбей коюшкан. Ельцин менен Руцкой ортосундагы мамиле буга чейин деле оор болгону менен, ушул окуяга чейин сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болмок. Кийин тынчтык жолу менен сүйлөшүүлөр такыр мүмкүн болбой калды. Ошентип, каардуу окуялардын орун алышына бул эки саясатчынын ортосундагы саясий да, жеке жактырбоочулук да себеп болду.

Орус басма сөзүндө 5-октябрь күнү Чеченстанда өтүүчү президенттик шайлоого арналган макалалардын мазмуну эки түрдүү өңүттө берилүүдө. Сапаттуу басылмалардагы журналисттик макалалар «президенттик шайлоодо эл алдында дурус деле тандоо калбай калгандыгын» айтышса, өкмөттүк деп эсептелишкен гезиттер мындай ойду четке кагышкандыгы байкалат.

Россияда акыркы мезгилдерде бир аз тынчып калган улуттук экстремисттердин, башкача айтканда «кырма баштардын» башка улуттагыларга кол салуулары тууралуу өтө сейрек айтылып калган. Ушул жумада Санкт-Петербургда скинхеддер эки тажикстандык аялды токмоктоп, алты жашар кызды өлтүрүшкөндүгү тууралуу «Известия» гезити таркаткан кабар улутчул көз караштагы уюмдардын кайра жандана башташкандыгын тастыктады.

Буга удаа эле «Газета.ру» басылмасы, бейшемби күнү Москвада өзүнүн үйүндө неофашисттердин бири, «Мен – орусмун» аталышындагы улутчул гезитинин редактору Александр Иванов-Сухаревский өзү жасаган жардыргычынан жапа тартканын билдирет.

Ал эми «Независимая газетанын» жазышынча, «Россия атуулдук тууралуу мыйзамын кайра карап чыгуу аракетин көрүүдө». Макалада айтылгандай, буга чейинки кабыл алынган атуулдук жөнүндөгү мыйзамга КМШ жумурияттарынын Aтуулдары үчүн Россия жарандыгын атуулдугун алууда бир катар жеңилдиктерди берүүчү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.
XS
SM
MD
LG